путин
 Россиянын президенти Владимир Путин, Россияга мигранттардын укуктарын камсыздоо менен, алардын келишинин эрежелеринин аткарлышы үчүн көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айткандыгын Кремлдин басма сөз кызматы маалымдады.Анын айтымында, миграциялык саясатта дагы да, көзөмөлсүз, мыйзамсыз миграцияга байланышкан көп көйгөйлөр бар.Россиянын президенти өз сөзүндө: «Бул кылмыштуулук үчүн, экстремизмдин пайда болушу жана этностор аралык чыңалуулар үчүн азык болчу чөйрө экендиги белгилүү. Россияга мигранттардын келишинин эрежелеринин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Алардын социалдык жана маданий адаптациясы, эмгек жана башка укуктарды коргоо менен иштеш керек»,- деп белгилейт Россия президенти.