узакбаев1

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Талантбек Узакбаев тарабынан демилгеленген “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңеш жыйынында 2-окууда каралды. Демилгечинин айтымында, мыйзам долбоорунда калктын жана малдын ден соолугун сактоону камсыз кылуу, малдардын асылдуулугун жана азыктуулугун жогорулатуу, мамлекеттик ветеринария кызматынын так аныкталган башкаруу байланышын түзүү максаттары белгиленген. Мыйзам долбоору боюнча республикалык деңгээлде көп талкуулар, “тегерек столдор” өткөрүлгөн. “Долбоордо талаш болуп келе жаткан Ветеринардык палатаны долбоордо статуардык орган болуп саналат деп гана белгиленген, калганын КР Өкмөтү өзү аныктайт”,- дейт Т.Узакбаев.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА