123

Жогорку Кеңеште КР Судьяларын тандоо боюнча кеңештин жаңы курамын бекитүү жөнүндө маселеси каралды.

Жашыруун добуш берүү жыйынтыгында КР Судьяларын тандоо боюнча кеңештин жаңы курамына 20 мүчө бекитилди. Алар: Төлөмүшова Асел, Исакунова Таалайгүл, Нурумбетова Жамийла, Майчиев Шамарал, Жумагулова Гүлжамал, Карабаева Канымгүл, Кенжебаев Нурлан, Шамилов Максат, Молдошева Динара, Базарбай уулу Эрлан, Эсекеев Керезбек, Калбаев Алмаз, Мурзалиева Жыргал, Сатыбалдиева Нургүл, Назаров Дамир, Мүсүралиева Аида, Эсенканов Качыке, Рыспекова Аниса, Асанбаев Нуркалый, Атаназаров Нурлан. КР Конституциясынын 74-беренесине, «КР Судьяларды тандоо кеңеши жөнүндө» мыйзамдын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңешинин курамында 24 мүчө бар. Жалпы курамдын үчтөн бири парламенттик көпчүлүк коалициясы, үчтөн бири парламенттик оппозиция, үчтөн бири Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлөт. Алар 3 жылдык мөөнөткө шайланат.

    Мээрим БАКТЫБЕКОВА