Балдардын коопсуздугун сактайлы!
Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында төмөндөгүдөй кеңеш берет: 1. Кайсы жагдай болбосун балаңыздын коопсуздугуна кам көрүңүз. Коопсуздук эрежелерин эске салыңыз. Баланын коопсуздугун ата-энеси жана өзүнөн улуу жакын адамдары камсыз кылуу керек. Эң негизгиси, бала менен ата-эненин ортосунда коопсуздукту сактоо үчүн ишенимдүү маектешүү болушу абзел.
- Өспүрүм балага коркунучтуу нерселерди айтып, баланы тынчсыздандыруудан алыс болуңуз. Коркунучтуу мисалдар, баланын психикасына кедергисин тийгизет. Балаңызга түшүндүрө турган маалыматыңызды, туура ыкма менен жеткизүүгө аракет жасаңыз. Баланын калыптанышына, жакшы тарбияланышына бала менен тең ата сүйлөшүү жагын тандоо жакшы ыкма.
- Балаңыз менен сүйлөшүү жүргүзгөнүңүздө ачык-айрым болуңуз. Балаңыз менен суроо-жооп жасаңыз. Балаңызды эмне кыжалат кылат, эмнеден коркот? Суроолорун жоопсуз калтырбоого аракет кылыңыз.
- Баланын алсыз же коркуу сезимин пайда кыла турган жагдайларын билип алып, баланын сезимдерине тийишпеңиз, козгобогонго аракет кылыңыз.
- Баланын денеси балага гана тиешелүү. Өзүнүн гана менчиги болуп эсептелет. Баланын денесине эч кимдин залал келтирүүгө акысы жок.
- Баланын денесине оор жаракат келтирилген жагдай болуп калса, урса, соксо сөзсүз ата-энесине билдирүү керек. Андыктан ар бир ата-эне кичинекейинин коопсузудугу үчүн күн мурун кам көрүшү шарт. Кайсы бир жагдайга туш келип калса, сөзсүз ата-энеге айтуу керектигин балага күн мурун түшүндүрүү керек.
7. “Бейтааныш адам” белгисиз адам экени жөнүндө маалымат бериңиз. Таттууларды сунуп, ата-энеңди тааныйм деген маалыматтар аркылуу баланы тузакка түшүргүсү келгендер туралуу түшүндүрүү абзел.
- Бейтааныш адамдардан туура эмес мамиле жасалып жаткан болсо, өз учурунда жакын адамдарына, мугалимдерине же укук коргоо кызматкерлерине билдирүү керектигин эске салыңыз.
- Бейтааныш адамдардын тузагына кабылып калса кыйкырып же телефон чалуу же бир белги аркылуу жакындарына билдирүүнү эсине салыңыз.
- Балаңыз көчөгө чыкканда балаңыздын коопсуздугун ойлонуңуз. Балким, балаңызга сиздин жардамыңыз керек болот. Үй дарегиңизди кайталоону да эстен чыгарбаңыз.
- Балаңыз менен чогуу болгон убактыңызда, балаңыздан баардык суроолору же сунуштарын эске алуу менен маектешиңиз, муктаждыгын эске алыңыз.
- Талап жана жоопкерчиликти туура түшүндүрүңүз.
- Балаңыз белгисиз адамдардын тузагына түшүп калса, ыкчам 102 номуруна маалымдаңыз.
- Жогоруда айтылган кеңештерди балаңызга оюн ыкмасында түшүндүрүңүз. Маалыматтарды ылдам кабыл алуу үчүн жомок түрүндө жеткизсеңиз да болот. Балдарыңыз менен аман болуңуз!
Даярдаган Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply