Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: “Кыргызстан 2-3 жылдын ичинде системдик кризистен чыгат”
Бюджет – бул өлкөдөгү негизги маселе экени талашсыз. Ал келе жаткан жылга карата Өкмөт тарабынан тыкыр эсептелип, талданып жана коомдук талкуулоодон өткөрүлүп, анан Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат. Анын сыңары, 2015-жылга карата Кыргызстандын бюджетин түзүү иштери өз мөөнөттөрү менен жүрүп келүүдө.
11-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйыны өтүп, анда “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Бул жыйынга Премьер-министр Жоомарт Оторбаев баш болгон Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.
Долбоордо жазылгандай, өлкөбүздүн 2015-жылга республикалык бюджетинин кирешеси 102 миллиард 702 миллион 722,4 миң сом суммада, ал эми чыгаша бөлүгү 117 млрд. 386 млн. 031,2 миң сом өлчөмүндө белгиленген. Мында тартыштык 14 683 308,8 миң сом суммасында болоору болжолдонууда. Ошол эле мезгилде ИДПнын өсүшү келерки жылы 6,2%ды түзүшү мүмкүн. Бул негизинен өнөр жай, кызмат көрсөтүү, соода, курулуш, айыл чарбасы аркылуу камсыздалат. Албетте, өлкө ИДПсын түзүүдө ички, сырткы эмгек мигранттарынын салымдарын унутууга болбойт. ИДПнын өсүшү 2016-жылы 6,6 пайыз, 2017-жылы 7%ды түзүшү болжолдонууда. Өкмөт башчынын айтымына таянсак, Россияга болгон чет өлкөлөрдүн санкцияларынын залакасы Кыргызстанга да тийбесе, жогорудагыдай болжолдордун аткарылуу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Ушул багытта КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев: “Келе жаткан эки-үч жылда Кыргызстанда абал бир топ оор болот. Биз бардыгына даяр болуп турушубуз керек”,-деди. Ошондой эле Өкмөт башчы кыргыз сомунун туруктуулугу Россия акчасынын кунунун туруктуу сакталышына байланыштуу болоорун да жашырбады. Энергетика тармагы боюнча маселелерге токтолуп, быйылкы жылы электр энергиясы негизинен Казакстандан импорттоло турганын билдирди. Кандай болгон күндө да Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү менен инвестициялык абал жакшырарын айтып, Жоомарт Оторбаев муну менен кризистик кырдаалдардан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөөрүнө токтолду.
“Биз түзүлгөн кырдаалдарга өз убагында чараларды көрүү үчүн алдын ала анализ жүргүзүп туруу багытында экономика жана финансы министрликтерине тапшырма бердик. Бирок, мен көп эле кооптуу абалды көрбөй турам. Биздин өлкөдө системалык кризис бар. Анткен менен Кыргызстан Бажы союзуна кирүү аркылуу абал өзгөрөт. Бизге инвесторлор келе башташат, ал кризистен жеңил өтүүгө шарт түзөт”,-деп жооп берди Ж.Оторбаев.
Талкуу жыйынында Бюджет жана финансы боюнча комитет берилген сунуштарды эске алып, “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун жактыруу менен, аны биринчи окууда Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.


Leave a Reply