Залкар манасчыны эскерүү баарыбыз үчүн бийик парз
Кечээ манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине арналган салтанатта Президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун Президенттик Аппараттын жетекчиси Д.Нарымбаев окуп берди.
Мамлекет башчысы салтанаттын катышуучуларын чын дилден куттуктап, улуу инсан Саякбай Каралаев «Манас» эпосун жан-дүйнөсүндө тутуп, энциклопедиялык тактык менен ар бир сюжетин кеңири коомчулукка жеткире алган деп белгилейт. Саякбай Каралаев «Манас» менен кыргыз элин бүт дүйнөгө таанытканына токтолуп, залкар манасчыны эскерип, ага таазим этүү ар бирибиз үчүн бийик парз,-дейт мамлекет башчысы. Ошондой эле 2014-жыл – «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы» деп жарыяланганын айтуу менен «Манас» эпосунда кыргыз коомунун салттуу саясий түзүлүшү жана мамлекетти башкаруу институттары, элдин нарк насили, каада-салты кеңири чагылдырылган жана мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн негиздери ата-бабаларыбыздан калган рухий мурас «Манас» эпосунда бар,-деп айтылат куттуктоодо.

Leave a Reply