Асан Жакшылыков: «Турпатты сакташ үчүн каада-салт керек»
Асан Жакшылыков кыргыз эл жазуучусу, 30га жакын китептин автору, Кыргызстан жаштар сыйлыгынын жана бир нече эл аралык сыйлыктардын лауреаты. Ушул жылдын октябрь айында 60 жаштын кырына чыгат. Бүгүнкү күндө күпүлдөп иштеп аткан учуру.
-Асан Жакшылыкович, жакында жарык көрө турган “Кыргызчылык” деген китебиңизде кыргыздардын тарыхы, каада-салтына кайрылыпсыз, өзүбүздү көп жогору көтөрүп койгондойсуз, а башка эл кыргызга кандай карайт болду экен?
-Ал башка тема. Мына мен жакында “Кыргызчылык” деген китеп жаздым. Ошондо биздин миссия бөлөк элдерди айкөлдүккө көндүрүү деп жазгамын. Анан азыр эки чоң термин чыкты “Саясый улут” деп аталат. Мынакей, Кыргызстанда 70ке чукул партия бар. Ошолор уюшуп алып, биз саясый улутпуз деп жарыялап, анан бийликти биз жүргүзөбүз, калгандары тийишпесин деп да айтып ийиши мүмкүн. Же болбосо Кыргызстандагы диаспоралар өздөрүн саясый улутпуз деп жарыялап, анан Кыргызстандын бийлигинин жоопкерчилигин өзүбүз алабыз деп чыгышы ыктымал. Бул коркунучтуу. Демек, мындай термин саясый партияларга, диаспораларга жагышы мүмкүн. Бирок кыргыз улутуна жакпайт.
Биз жанагы Бириккен Улуттар Уюмунан жеңип алган “наамдуу улут” дегенибизди “саясый улут” дегенге тебелетпешибиз керек. Ошондуктан кандайдыр бир саясый кызыкчылыктар үчүн жаңы терминдерди ойлоп чыгуунун кажети жок.
“Кыргызчылык” аттуу китебимде, “чылык” деген сөздү жаман мааниде кабыл алып жүргөнүбүз жөнүндө айттым. А чынына келгенде анда чылк кыргыз, чылк алтын деген маани жатат. Негизи ар бир улуттун өзүнүн касиети болот. Касиет турпатыңда турган нерсе. Ошол турпаттагы нерсени сакташ үчүн каада-салт керек болот. Өзүн-өзү тааный турган жакшы акыл-эс зарыл.
-Асан ага, мына сиз прозада дагы, поэзия жаатында дагы абдан жемиштүү иштеп жатасыз, ажы дагы болуп келдиңиз. Бүгүнкү күндө кыргыздардын арасында ак дамбал кийген жапжаш кыргыз жигиттери көбөйүүдө. Ушуга көз карашыңыз кандай?
-Менин түшүнүгүмдө кудайды көз менен көрбөсөң да акылың менен тааны деген сөз бар. Аллах Мухаммед пайгамбар менен сүйлөшкөндө ортону тогуз ак парда тосуп турган. Демек, жаратканды жан дүйнөң менен гана тааныйсың. Экинчиден, кыямат сурагында бирөө үчүн бирөө жооп бербейт. Кудайды ар бир адам жан дүйнөсүндө табыш керек. Антпесе, салаңдаган кийимдерден канчаны кийип алганың менен, сакалды жерге чейин өстүргөндөн майнап чыкпайт.
-Достоевскийдин “Красота спасет мир” деп айтканын мисалга келтирбеген адам жок. Ал кандай сулуулук жөнүндө айткан?
-Биринчи, жан дүйнөнүн улуулугу, экинчи, табият сулуулугу. Кыргыздагы: адамга жакшылык кыл деген сөз ар бир диндин канону. Сулуулукка кеткен жолду искусство менен маданият баштап баратат.
-Асан Жакшылыкович, сиз учкул сөздөрдөн, макал-лакаптардан түзүлгөн китебиңизди да чыгардыңыз. “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деген сөздү кандайча түшүнөсүз?
-Эми бул кандай кырдаалда болбосун айкөл бол дегенди эле түшүндүрөт. Ар кандай кечиримдүүлүккө барсаң, пейилиң кеңейет.
-“Илхам” келгенде гана жазамын дегендер өтө көбөйүп кетти. Ошол “илхамга” мамилеңиз кандай?
-Албетте, Кудай колдоп, ошондой бир эргүү келип ашып-ташып турган учурда жазып калганга не жетсин. Андай учурда жазбай коюу күнөө. Күлүктү саяпкер таптаса, талант өзүн-өзү таптайт. Ыр жазуу кандай азапты талап кылса, жалаң эле суу ичип жашап, ыр келе турган жолду сактоого да барыш керек. Талант өзүнө берилген миссияны аткарууга аракет кылышы керек.
Чыныгы чыгармалар оргу-баргы, техникасы мыктыга суктануунун кажети жок. Ыр жасоого эмес, ыр жашоого өтүш керек.
-Кыргыз искусствосу романстарга жарды экенин билебиз. Сиздин чыгармаларыңызга 25 романс жазылган экен. Ошолор жөнүндө айтсаңыз?
-“Махабатка кездешүү” аттуу романсты былтыр А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында элге тартууладык, музыкасын Сатылган Осмонов жазган.
К.Бакиров, “Эркин Тоо”


Leave a Reply