жер тит

КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдагандай Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ысык-Көл обусунда түзүлгөн кырдаалды өзү көзөмөлгө алып,  Министрдин орун басары Давлетбек Алимбеков баштаган ыкчам топ түзүп, Ысык-Көл облусундагы  жер титирөө болгон жерлерге барып, жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо-иликтөө иштерин жеринде көзөмөлдөө максатында Ысык-Көл облусуна жөнөттү.

Ошондой эле, окуя болгон жерлердеги тиешелүү иш-чаралардын жүргүзүлүүсүн жеринде көзөмөлдөө үчүн, министр Кубатбек Боронов Ош облусунда кызматтык иш сапарда жүргөн жеринен Ысык-Көл облусуна жөнөп кетти.

Акыркы алынган маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн кесепетинен Тоң районунун Кажы-Сай айылында 1 мектеп, 1 балдар бакчасы жана 1 жергиликтүү маданият үйүнүн дубалдарынан 3-4 ммден 7-8 см ге чейин жаракка кеткен.

Азыркы учурда Жарандык коргонуунун комиссиясы аныктоо-тактоо иштерин улантууда. Кошумча маалымат берилет.