Кыргызстанда эпицентрде 7 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 2014-жылдын 14-ноябрында саат 07:24 эпицентрде 7 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн очогу: Кыргызстанда жайгашкан, Кажы-Сай айылынан 6 чакырым түндүк-чыгышты, Тоң айылынан 60 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн координаттары: түндүк тууралыгы 42º00´; чыгыш кеңдиги 77º19´.
Жер титирөө: Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор, Тоң жана Тамга айылдарында 7 балл, Балыкчы шаарында 4,5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл жана Бишкек шаарында 3 балл болгон.


Leave a Reply