МБК америкалык адистердин жүрөк оорулуу балдарга операция жасоо үчүн жабдыктарынын бажыда кармалышы боюнча түшүндүрмө берди
КРнын мамлекеттик бажы кызматы жүрөк оорулуу балдарга операция жасоо үчүн алынып келе жаткан жабдуулардын кармалып турушунун себебин түшүндүрдү.
12-ноябрда МБКнын басма сөз кызматынын маалымдашынча, сөз, Стамбул — Бишкек аба каттамынын ТК 346 рейси менен «Манас» аэропортунан 9-ноябрда бажы кызматкерлери тарабынан кармалган медициналык багыттагы буюмдар жөнүндө болуп жатат. Жүктү «Благо KG» фондунун кызматкери жана эки чет мамлекеттик адамдар коштоп бара жатышкан.
«Медициналык багыттагы буюмдар, физикалык тараптардын алып өтүүсү үчүн жеңилдиктердин нормасынан ашыкча болгондуктан жана мамлекетке алып кирүүгө тиешелүү уруксат документтеринин жоктугунан улам, аталган 4 орундуу 95 кг жүк «Манас» аэропортунун убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды», – деп айтылат маалыматта.
Түзүмдүн басма сөз кызматы ЖМКларда пайда болгон «кыргыз бажысы жүрөк оорулуу балдарга операция жасоо үчүн АКШдан алынып келе жаткан жабдуулар бажыланышын талап кылып жатат деген маалымат кайдан чыккандыгын» белгилейт. Алар аталган жүктү каттоого уруксат документтердин жоктугунан улам, бажы кызматкерлери КР мыйзамынын талаптарына ылайык киргизүүнүн ырастоочу, көрсөтүлгөн жүктүн баасын жана мүнөзүн тактоочу жана товарды коштоп жүрүүчү документтерди талап кылышкан.
«Благо KG» фондунун кызматкери бажы кызматкерлерин адашууга кириптер кылып, мурдараак ушул жылдын 23-октябрында бажыдан гуманитардык жүк катары катталып өткөн, жүктүн документтеринин көчүрмөсүн көрсөткөн (бажылык декларациясы жок).
«Мындай жол менен фонддун өкүлү медициналык багыттагы буюмдарды бажылык каттоосу жок алып кирүүгө аракеттенген»,- деп белгиленет билдирүүдө.
КРнын бажы кызматы «Благо KG» фондунун өкүлдөрүнүн ЖМКда бажы органдары тарабынан тоскоолдуктар болууда деген айыптоолорун негизсиз деп эсептейт.
Андан кийин бажылык каттоо үчүн зарыл болгон документтер боюнча жүк кечээ, 11-ноябрда мыйзамда бекитилген тартип менен катталган.
«Благо KG» фонду тарабынан кандайдыр бир дооматтар жок. Дооматтардын жоктугу «Благо KG» коомдук фондунун волонтеру В.И.Никулиндин 11-ноябрда бажы кызматынын жетекчиси А.Жунусовдун атына жазган билдирүүсүндө айтылган», – деп кабарланат түшүндүрмөдө.


Leave a Reply