Төрага А.Жээнбеков депутат Д.Бекешевге: Сиз мени катышып жаткан депутаттарды санаганга мажбурлай тургандай деңгээлге жете элексиз
12-ноябрда депутат Дастан Бекешев («Ар-Намыс») депутаттардын Жогорку Кеңештин сессияларына катышуу жана ишеним боюнча жыйында жок коллегалары үчүн добуш берүүнүн көйгөйүн көтөрдү.
Депутат Д.Бекешев парламент жетекчиси Асылбек Жээнбековдон, «Сиз мусулман катары көзү азиз адамды алдабайсыз жана күнөө кылбайсыз, айтыңызчы, бүгүн канча депутат катышып жатат?», – деп сурады.
«Сиз эмне мен катарлар боюнча чуркап барып депутаттарды санаганымды каалайсызбы? Кээде утулганды дагы билиш керек. Эгер сиз мусулман болсоңуз муну менен алектенбеңиз, жагдайды бурмалабаңыз. Сиз мени санаганга мажбурлай тургандай деңгээлге жете элексиз»,- деп жооп узатты Жээнбеков.
Белгилей кетсек, депутаттар бүгүн Дастан Бекешев демилгелеген 2 мыйзам долбоорду: «КР айрым мыйзамдык акттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (жөнгө салуу таасирин талдоо)» («КР укуктук-нормативдик акттары жөнүндө», «КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамдар) жана «Лотереялар жөнүндө» мыйзам долбоорлорду артка кайтарышты.

Leave a Reply