Академия

Бул жыйын 13-ноябрда, саат 09.30да КР УИАнын чакан залында КМШ өлкөлөрүнүн фундаменталдык илимий изилдөөлөр тармагындагы кызматташуу боюнча өтөт.

Жыйындын программасында 2013-жылдын 27-июнунда өткөрүлгөн II жыйындын чечимдеринин аткарылышынын жыйынтыгын чыгаруу, приоритеттүү фундаменталдык изилдөөлөр боюнча сунуштарды даярдоо боюнча Жумушчу топко мониторинг жүргүзүү, КМШ өлкөлөрүндөгү фундаменталдык илимий изилдөөлөр тармагында иш алып барган мекемелер менен КР УИАнын кызматташуунун маселесин караштыруу болуп саналат.

Маалым болгондой иш-чарага КР УИАнын президенти, академик А.Э.Эркебаев, Кеңештин төрагасы, Россия илимдер академиясынын (РИА) Президиумунун мүчөсү, Н.П.Лаверов, С.У.Умиров атындагы физика-техникалык институттун директору, Тажикстан илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Х.Х.Муминов, приоритеттүү фундаменталдык изилдөөлөр боюнча сунуштоону даярдоо боюнча Жумушчу топтун төрагасы, Белоруссиялык республикалык фундаменталдык изилдөөлөр фондунун директору В.А.Орлович, ошондой эле фундаменталдык изилдөөлөр тармагындагы кызматташууну укуктук гармонизациялоо маселелерин кароо боюнча Жумушчу тобунун төрагасы, “Белорусия Улуттук илимдер академиясынын системалык анализ жана стратегиялык изилдөөлөр Борбору” Мамлекеттик илимий мекемесинин директору С.М.Дедков, Кеңештин катчысы, КМШ өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча РИАнын координациялык кеңешинин төрагасынын орун басары М.М.Амирхановдор катышышат.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө КР УИАнын башкы мекемесинин алдында КР УИАнын ар кайсы жылдарында жетекчи болуп турган академиктер: К.М.Скрябиндин, И.К.Ахунбаевдин, К.К.Каракеевдин, М.М.Адышевдин бюстунун ачылыш аземи күтүлүүдө.