Торогельдиева Б.

   Жакында мамлекет башчыбыз А. Атамбаев тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушкан. Ушул жыйында Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында “кыргыз тилинде сабак өтүлбөйт “- деген маалымат айтылган. Академиядагы кыргыз тилине жасалган мамилеге, өлкө башчы тез арада тийиштүү чара көрүүнү, маалыматты тактоону Президенттин Аппаратынын жетекчисиД. Нарынбаевге дайындаган. Бул маселе боюнча Башкаруу академиясынын илим департаментинин жетекчиси, Бактыкан Төрөгелдиевага жолугуп, масленин чоо- жайына кызыктык.

 – Башкаруу Академияда “кыргыз тилинде сабак өтүлбөйт”- деген маалымат айтылып, аны өлкө башчыбыз тез арада көзөмөлгө алынышы зарыл экендигин белгиледи…

    – Бул маселе боюнчаН. Ишекеев баштаган атайын комиссия түзүлдү. Президентибиз А. Атамбаев тарых илимин өнүктүрүү комиссиянын мүчөлөрүн кабыл алуусунда, бир кесиптешибиз “академияда кыргызча сабак өтүлбөйт”- деп айткан экен. Кесиптешибиз туура эмес маалымат берип алган окшойт деп калдык. Бизде20га жакын мугалимдер эки тилде лекция окушат. Дагы бир жагдай 82 % ын орус тилдүү балдар билим алышат. Арасында айылдан келген балдар да бар. Лекцияны кыргыз, орус тилдеринде окуйбуз. Албетте, балдардан түшүнгөндүгүн сурап, түшүнбөй калса кайра кайталап окуп беребиз. Семинардык сабактарды каалаган тилдеринде жооп бере алышат. Академияда тилге эч кандай чектөө жок, ага биздин акыбыз да жок. Практикалык сабактарда балдар, слайддарды, өз алдынча иштерди каалаган тилдеринде тапшыра алышат. Экзамендерди жазуу түрүндө, өздөрүнө ыңгайлуу болгон тилде жооп беришет.

     -Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы студенттерге билим берүүдө, эмнеге өзгөчө көңүл бурат?

     – Баарыбыз жакшы билгендей Президенттин Алдындагы Башкаруу Академиясы мамлекеттик муниципалдык кызматкерлерди даярдайт. Биз, эң оболу жалпы балдарга инсандык калыптанууну башкаларга үлгү боло тургандыгын жана Кыргызстандын эртеңине, кайсы бир деңгээлде өздөрүнүн салымын кошо тургандыгын ар дайым, ар бир мугалим айтып келет. Биздин максатыбыз Кыргызстаныбыздын жаркын келечегине өз салымдарын кошуп, кызмат кылган инсан болсун деген жакшы аракеттин үстүндөбүз. Андан тышкары ар бир бала менен тыкыс иш алып барууга аракет кылабыз. Балдардын толук кандуу билим алуусуна баардык шарттарды түзүп, аларды туура колдоно билүүгө багыттайбыз. Ошондой эле студенттер ар кандай илимий-конференцияларга катышышат.

Негизи эле, окуу программасында кыргыз тилине канча саат бөлүнгөн?

    – Билим берүү жана илим министрлигинин атайын стандарты бар, ошол стандартка жараша бөлүнөт. Билимдүү адам, өз эне тилин сыйлай алат жана өз тилин билүүсү башкы милдети болуп саналат. Дүйнөлүк стандартка шайкешбилим берүү, биздин башкы максатыбыз. Бизде окуган балдар, өз эне тилинен тышкары орус, англис, жана башка тилдерди да үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.

  -Президенттин алдындагы окуу жай, ушу тил маселеси көтөрүлгөнгө чейин өз алдынча кыргыз тилине байланыштуу кандай ишчараларды өткөзгөнсүздөр?

  -Бизде түрдүү иш- чаралар өтүп турат. Чыгармачыл инсандар менен жолугушуу кечелери байма-бай болуп турат. Ал эми 21-октябрь күнү, залкар манасчыбыз С. Каралаевдин 120 жылдыгына байланыштуу чоң бир иш-чара өткөзгөнү турабыз. Кече жакында эле студенттер менен белгилүү режиссер Садык Шер-Нияз агай менен жолугушуу болуп өттү. Биз студенттерибиз менен биргеликте “Курманжан Датка” тарыхый фильмди көрүп келдик.

                                                                             Мээрим БАКТЫБЕКОВА