Бүгүн, КР Улуттук илимдер академиясында КР УИАнын окумуштуулары менен аспиранттардын жолугушуусу өттү.

Жолугушууда КР Улуттук илимдер академиясынын дүйнө жүзүнө аты таанымал окумуштуулары өзүнүн илимий эмгек жолун, эмгектери жөнүндө айтып берип, жаш окумуштууларга кеңештерин беришти. Илим жолундагылардын түйшүгү менен кубанычы, маселелери менен келечеги жөнүндө сөз болду.

“Сиздер барсыздар, демек илимдин да келечеги бар. Илимий ишиңерди ийгилик жылоолосун” деп ак жол каалап кетти КР УИАнын президенти, академик А.Эркебаев.

Иш-чарада  жаш илимпоздордун илимий иш менен алектенгенге көп мүмкүнчүлүктөр бар экендиги, анын көбү аспиранттын өзүнө көз каранды экендиги айтылды. Алган изилдөөсүнүн актуалдуулугуна жараша стипендия утуп алса же долбоордун алкагында иштеп чет жерге барса, ал жерде иштөө менен катар тажрыйба жыйса болоору айтылып, өрнөктүү мисалдар келтирилди.

“Азыр жаш окумуштуулардын келечеги кең эле. Менин эки аспирантым грант утуп алып окуп жатат. Жаш илимпоздордун илимий эмгектерин жыйнак кылып чыгарганга, колдоо көрсөткөнгө даярбыз. Биз алар үчүн жоопкербиз. Жаштардын кандай демилгеси, идеясы болсо да анын ишке ашышына кол кабыш кылуубуз – биздин тикелей милдетибиз” – деди КР УИАнын вице-президенти, академик А.Бөрүбаев.

Жаш окумуштуулар КР УИАнын келечеги, окуу учурунда кандай жолдор менен чет мамлекеттерге барып тажрыйба топтоп келсе болоору жөнүндө суроо салышты. Ал эми КР УИАнын окумуштуу катчысы Ч.И.Арабаев мындай жолугушууларды бир айда бир жолу өткөрүп, анда бир беделдүү окумуштуу менен бир жаш илимпоздун илимий эмгеги окулуп, талкууга алынса деген сунушун киргизди.

ак2 ак ак1

“КР УИАнын аспирантура бөлүгү илим изилдегиси келгендерге колдон келишинче жакшы шарттарды түзүп келүүдө. Окуусуна төлөмөк турсун, аз да болсо стипендия төлөйбүз. Илимий эмгектерин жарыялаганга аракет жасайбыз. Бир жакшы жагдай – учурда КР УИАнын мындан наркы ишмердүүлүгү али тактала элек болсо да, окууга тапшыргандар көбөйүп, жада калса сынак менен тандалып да өтүп калышты.

Аспиранттардын кээ бири окуу жайларда иштеп жатып, ишине илиминин терең болушуна ынангандар болсо, көбү жогорку окуу жайын аяктап эле тапшырып жатышат. Белгилеп кете турган жагы – табигый, техникалык илимдер боюнча аспирантурага тапшыргандар коомдук илимдерге караганда азыраак болууда” – деп баса белгиледи КР УИАнын аспирантура бөлүмү боюнча жетектөөчү адиси Осмонова Бактыгүл.

КР УИА маалымат менен камсыздоо бөлүмү