3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган
Кыргыз Республикасында 2014-жылдын 4-декабры 11 саат 25 мүнөттө жергиликтүү убакыт боюнча КР УИАнын Сейсмология институтунун (КР УИА СИ) с/станциялары эпиборборунда 12 баллдык MSK-64 шкаласы боюнча 3,5 баллга жеткен, магнитудасы (Mpv) 3,8 (энергетикалык классыK= 9,4) болгон жер титирөө катталган.
КР УИАнын Сейсмология институтунун алдын ала маалыматтары боюнча жер титирөөнүн очогу Казакстандын аймагында болуп, ал Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарынан 48 чакырым түндүк-чыгышта, Георгиевка айылынан 45 чакырым түндүк-батышта, Ананьево айылынан 59 чакырым түндүк-батышта, Түп айылынан 100 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.
Координаттары φ = 43 ° 06 ‘ с.ш. λ = 77 ° 13’ в.д.
Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келген жок. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.


Leave a Reply