Төө-Ашуу ашуусунун алдында Бишкек-Ош унаа жолунда 300 унаадан турган тыгын пайда болду

 Бишкек-Ош унаа жолунда 300 автоунаадан турган тыгын пайда болду. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 15-январда саат 04:00 чамасында бороондун кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунун 128-129-чакырымдарында автоунаалардын тыгыны пайда болгон.…
Толугу менен »

“ИМ” тобунун жүрөктүн үшүн алган тасмасы

Социалдык тармактарда 13-январда бешиктен эми бели чыккан согушкер бала «орус тыңчылары» делген эки кишини атып өлтүргөнү тартылган тасма жарыяланды. Ал "Ислам мамлекети" уюшмасы мурда тараткан тасмадагы машыгып жаткан казак балакайлардын бири деп болжолдонууда. Өспүрүм согушкер…
Толугу менен »

Вице-спикер Т.Зулпукаров: “Ачылып жаткан бала бакча кызматкерлерине эмгек акы республикалык бюджеттен каралышы керек”

“Ачылып жаткан бала бакча кызматкерлерине эмгек акы республикалык бюджеттен каралышы керек”. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында билдирди. “Тамак-аш жана башка муктаждыктар ата-энелер тарабынан чечилип жатат.…
Толугу менен »

Депутат М.Тиленчиева: “Мал менен алектенген Нарын районуна убактылуу пайдаланууга Жети-Өгүз районуна берилген жайыттар кайра кайтарылышы керек”

Мындай маселени бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Майрамгүл Тиленчиева Өкмөттүн астына койду. Анын айтымында, союз маалында жайыт тартышты болгон учурда Нарын облусунун Нарын районуна караштуу сырт өрөөнүндөгү Тарагай жайлоосунда 47 миң…
Толугу менен »

Бөйрөк, боор алмаштырууга кыргыз медиктери даяр, кендирди кескен жагдай тиешелүү жабдууларга каражаттын жоктугу

Бул тууралуу маселени депутат Эркингүл Иманкожоева бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында көтөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады. Анын айтымында, азыркы тапта республика аймагында бөйрөк, боор оорулары көбөйүп жатканы белгилүү.…
Толугу менен »

Депутат Ы.Кадыралиева балдардын зордук-зомбулукка кабылышы боюнча Өкмөттүк күн өткөрүүнү сунуштады

Мындай сунушу менен Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы. Балдар жана аялдардын укугун коргоо жаатында иш алпарып жүргөн депутат Ы.Кадыралиева кечээ…
Толугу менен »

Депутат Н.Молдобаев: “Кызылча оорусуна мамлекеттик көз карашта мамиле  жасап, колго алалы”

Азыркы тапта Кыргызстан аймагында, айрыкча, борбор калаада кызылча оорусу көп катталууда. Бүгүнкү күндө аны алдын алуу үчүн тиешелүү вакциналар жетиштүүбү же жокпу? Саламаттыкты сактоо министрлиги бул оору менен күрөшүп жатабы? Ушундай жагдайлар боюнча маалымат угуу…
Толугу менен »

Элмира Көчүмкулова: “Америкага комуз кучактап барып, илимдин доктору болуп кайттым”

Элмира Көчүмкулова АКШнын Түндүк Батышындагы Сиэтл шаарынын Вашингтон Университетин бүтүрүп, кийин андан ары окуусун улантып, илимдин артынан түшкөн. Бизден миңдеген чакырым алыс жайгашкан Тынч океандын ары жагынын абасын жутуп, тили, дили башка жерде 10 жылдан…
Толугу менен »

Депутат Замирбек Алымбеков Түштүк Кореядан келген инвесторлор тобун кабыл алды

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын депутаты Замирбек Алымбеков  кечээ, 14-январда Түштүк Кореянын Ичхон шаарынын алдыңкы медициналык клиникалардын бири HANDS клиникасынын башкы дарыгери Жун-сиг Ким мырза баштаган инвесторлор тобун кабыл алды. Жолугушуу учурунда тараптар Бишкекте заманбап үлгүдөгү…
Толугу менен »

ИИМ жетекчиси М.Турганбаев 2 жашар баланын сабалышы боюнча козголгон кылмыш ишти жеке көзөмөлүнө алды

Ички иштер министри Мелис Турганбаев 2 жашар баланын денесине оор жаракаттарды келтирип сабоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин иликтенишин жеке көзөмөлүнө алды.  Эскерте кетсек 2 жаштагы баланы катуу сабагандыкка шектелип 1968-жылы туулган тууганы кармалган. Бала…
Толугу менен »

Т.Акун «Адам укугу» деген саясий партия түзөт

КРнын экс-омбудсмени, азыр Борбордук Азия өлкөлөрүнүн адам укуктары боюнча Конгрессинин координатору Турсунбек Акун саясий партия түзөт. Ал партия «Адам укугу» деп аталат. Анын айтымында, жаңы партиянын уюштуруучулук съезди Бишкекте 21-январда болот. Анын түшүндүрүшүнчө, катталганынан бери…
Толугу менен »

Темир тор артында көз жарган эне

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаңы төрөгөн аял ымыркайы менен чогуу камалып турат. Анын адвокатынын айтымында, мыйзам боюнча кош бойлуу же 14 жашка толо элек баласы бар аялдар балдары чоңойгончо жаза өтөөдөн бошотулушу керек. Чүй облусуна…
Толугу менен »