свет

2014-жылы  “Северэлектро” бөлүштүрүүчү компанияга 6,3 млрд. кВт.саат электр энергиясы келип түштү, бул 2013-жылга салыштырмалуу 617 млн. кВт.саатка көп.

Былтыркы жылы “Северэлектро” бөлүштүрүүчү компаниянын товардык продукциясы 5,1 млрд. сомду түзүп,  4,9 млрд. сом чогултулган.

2014-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы электр энергия жоготуулары 16% түздү, 2013-жылга салыштырмалуу жоготуулар 2,4% түштү.

2014-жыл боюнча көргөзүлгөн сумманын эсебинен калк арасындагы төлөм чогултуу 91%;

өндүрүштүк объектилерден- 98,9 %;

бюджеттик уюмдардан-98,8 %;

айыл чарба объектилеринен-99,4 %;

жана башка керектөөчүлөрдөн –99,5 % аткарылды.

Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча “Северэлектро” ААК тейлеген  аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй өттү:

борбор калаабызда төлөм чогултуу 99,4 %

Чүй облусунда -90,7 %

Талас облусунда – 88,9 % түздү.

Калк арасындагы төлөм чогултуу электр эсептегичтеринин көрсөтмөсүн алуу графигинин жылуусуна байланыштуу толук аткарылган жок. Эске салсак, “Северэлектро” ААК Чүй жана Талас облустарында электр эсептегичтеринин көрсөтмөсүн алуу графигинин жүрүп жаткан айдын аягына же кийинки айдын башына жылдырткан.

Эсеп көрсөтмөсүнүн графиги көптөгөн пенсия, кызмат акы, коммуналдык тейлөө эсептерин алган абоненттердин суранычы менен жылдырылган.  Төлөмдөрдү жыйноо графигин жылдыруу менен “Северэлектро” ААК электр энергияны  сатуу жана сатып алуу  көлөмдөрүн дал келүүсүнө шарт түздү. Жогоруда айтылган иш чаралар убактылуу төлөмдөрдү жыйноону төмөндөтүп, аласа карыздарды жогорулатууда. Кийинчирээк кырдаал турукташат.