Элчи А.Аль-Жума президент А.Атамбаевдин алдыда Сауд Арабиясына боло турган иш сапары тууралуу айтып берди
– Иш сапар 2-3-декабрь күндөрү болот.
– Иш сапардын макамы кандай болот?
– Бул расмий иш сапар. Менин билишимче бул Кыргызстандын мамлекет башчысынын Сауд Арабиясына боло турган алгачкы сапары.
– Эки тараптуу кандай жолугушуулар өткөрүлөт?
– Иш сапарда крон-принц, каржы министри, меджлис-шура жетекчиси (парламент) менен жолугушуулар пландалды. Ошондой эле, Корол Абдуллах бин Абдулазиз ал-Сауд менен жолугушуу пландалууда.
– Кандай документтерге кол коюлат?
– Аба маалыматы жөнүндө макулдашуу, кош салык төлөөнү болтурбоо жөнүндө, маданият жана илимий тармактагы кызматташуу жөнүндө макулдашуулар.
– Сауд Арабиясы тараптан насыя берүү же инвестиция салуу жөнүндө маселелер талкууланабы?
– Бул маселе программада конкреттүү каралган эмес. Бирок, ал сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талкууланышы мүмкүн. Кош салык төлөөнү болтурбоо жөнүндө макулдашуу – бул Кыргызстанга инвестиция үчүн жол ача турган маанилүү макулдашуу экендигин белгилегим келет.
– Бизде Сауд Арабиясынын Сириядагы жарандык согуштагы ролу жөнүндө көп айтылып жатат...
– Сирияда президент Башар аль-Асаддын режими өзүнүн көп эмес тарапташтары менен Ирандын жардамы жана Орусиянын бир аз жардамы менен элдин менчигине каршы согуш жүргүзүп жатат. 150 миң адам каза болду. Эгерде, жарандык согуш жүрүп жатса, анда бардыгы жайында эмес.
– Нефтиге болгон дүйнөлүк баа түшүп жатат. Мында Сауд Арабиясынын ролу кандай?
– Баалардын төмөндөшүн саясат менен байланыштыруунун кереги жок. Бул таза экономика. Сунуштар жогорулап, талап төмөндөдү.


Leave a Reply