газдаш

КР Өкмөтүнүн Талас облустук өкүлчүлүгү тарабынан жергиликтүү басылмаларга  берилген маалыматка караганда,   алдыдагы эки-үч жылдын аралыгында Талас өрөөнү толук газдаштырылмакчы. Таластын калкын көгүлтүр от менен камсыздоону «Газпромнефть Азия»  компаниясы колго алмакчы.

Аталган компания Талас шаарында жана райондордун борборлорунда  спорт комплекстерди курууну ишке ашыраары белгилүү болду.  Быйылкы жылдын башында эле Талас шаарында 20 млн. сомдук спорт комплекстин курулушун баштоо белгиленген.  Бул спорт комплексти «Достук» деп аталган бактын (мурдагы облустук оорукананын чөлкөмү) ордуна салуу  пландаштырылган.

Нуржигит СЕЙДАЛИЕВ, Талас облусу