сариев1
 Экономика министри Темир Сариев Tazabek басылмасына берген маегинде «Биз рубль менен орнотулган белгилүү коэффицентке карманышыбыз керек. Эгер сом күчөнсө, анда долларлар тазалана баштайт»,- деп билдирди.«Биз, биздин абдан көп мигранттарыбыз келип, кетип жаткандыгын, абдан көп банктар россиялык банктар менен байланышта экендигин эске алуу менен рубльге карата сомду кармап турабыз. Рубльге, долларга карата сомдун төмөн кунунда, аларга долларды бул жерден сатып алуу пайдалуу болот жана чыгарып кетишет. Ошондуктан бул жерде Улуттук банк жетишерлик сабаттуу саясат жүргүзүп жатат»,- деди министр интервенциялар тууралуу айтып жатып.Анын айтымында, балансты кармап туруу керек.

«Накталай акча бүгүн, ири өлчөмдө чыгарылып кетип жатат. Россияга эле эмес, Казакстанга дагы. Соодада иштегендер көп чыгарып кетип жатышат. Караңыздар, бизде тышкы товар айлантуунун көлөмү расмий маалыматтар боюнча 6 млрд долларга жакын. Алар товарларды Түркиядан, Кореядан, Кытайдан сатып алышат — күн сайын накталай акча чыгаруу керек. Алардын азы гана чегерүү менен иштейт. Алар негизинен баардыгын накталай акча түрдө чыгарып кетишет. 6 млрдды 300 күнгө бөлсөк, күнүнө орто эсеп менен 20 млн сомдон бизде чыгарылып кетип жатат»,- деди министр.

Маектин толук текстин менен «Аналитика» сайтынан бул шилтеме аркылуу тааныша аласыз.