майрамкул

Жогорку Кеңештин депутаты Майрамгүл Тиленчиева жалпыга маалымдоо каражаттарында балдардын ар кандай оорулары, айрыкча, жүрөк кемтиктери ооруларына жардам сураган ата-энелердин кайрылуулары көбөйүп бараткандыгынан коңгуроо какты.

Кайдыгер карабаган адамдар алардын бирөөнө же экөөнө жардам бере алат, ал эми калгандары кантет? Айрымдардын демилгелери менен чет элдик адистер келип мындай балдардын он-жыйырмасына операция жасап кетүүдө, калгандарычы? “Андыктан, өлкө башчысы көңүлүнө алган, мамлекет тарабынан каржыланып, бирок бүтпөй жаткан Бишкектеги Балдардын кардио-хирургиялык ооруканасынын бүтүрүп, ишке киргизүү зарыл”,- дейт депутат.

     Мээрим БАКТЫБЕКОВА