бекешев Жогорку Кеңештин Басма сөзкызматы билдиргендей, 29-октябрда Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун Гемодиализ бөлүмүнө жасалма бөйрөк аппаратын тапшыруу иш-чарасы болду. Аталган аппарат Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешевдин көмөгү менен «Ансамбль Мурас» коомдук фондунун каражатына алынган.

«Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо системасында аппараттарды сатып алууда жана бөйрөк оорусу менен жабыркаган бейтаптар өтүүчү процедура үчүн чыгымдалуучу материалдарды каржылоо боюнча чоң көйгөй бар. Бир аппаратты сатып алуу – азырынча түзүлгөн кырдаалды чечүүгө болгон кичине бир салым. Ошентсе да, бир аппарат алуу менен көйгөйлөр чечилип калбайт, бөйрөк оорусу менен жабыркагандар өтүүчү процедурага чыгымдалуучу материалдарды алуу үчүн акча каражаты зарыл»,- деп айтты өз сөзүндө депутат Д.Бекешев.

Эне жана баланы коргоо борборундагы 6 бейтап бекитилген гемодиализ үчүн аппарат кайтарымсыз пайдаланууга берилди.

Маалымат үчүн: Кыргызстанда азыркы күндө бөйрөк оорусу менен жабыркаган 1100 адам катталуу. Алардын саны жылына 100-150гө көбөйүүдө. Эне жана баланы коргоо борборунда бүгүнкү күндө 470 бейтап гемодиализ процедурасын алат, жылына бейтаптардын ар бирине чыгымдалуучу материалдарды каржылоо 1 млн. сомду түзөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдиргендей, коомдук фонд менен депутат Д.Бекешов тарабынан алынган аппарат «Фрезениус» фирмасыныкы. Ал жогорку сапаты менен айырмаланып, узак жылдарга үзгүлтүксүз иштеп, ремонтко муктаж болбойт.