китеп2

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Ош облусунун Кара-Суурайонунун бир катар айыл аймактарынын тургундары жана мектептердин мугалимдер курамы менен бир нече жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл аймактардын тургундары мектептерде жан башына каржылоо системасын киргизүүнүн кесепеттери тынчсыздандыра баштагандыгын билдиришти. Анткени, бүгүнкү күндө айыл жергесиндеги мектептерде окуучулардын саны 120дан 210 чейин. Мындай сандагы мектептерге жан башына каржылоо тутуму мугалимдердин айлык маянасына терс таасирин тийгизүүдө.

Жолугушуулар маалында эмгек акылардын төмөндүгү, жылуулук жана башка коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөр маселеси көтөрүлдү. Жергиликтүү тургундар менен мугалимдердин көтөргөн башкы маселеси окуу китептердин жетишпестигин жана алардын мазмундарынын өтө начардыгы болду.

Ошондой эле шайлоочулардын койгон маселелерине кошулган Айнуру Алтыбаева окуу китептердин сапаты начар бойдон калып жатат деп, мындай олуттуу көйгөйлөр боюнча тиешелүү суроо-талаптар жана тапшырмалар тармактык министрликтер менен ведомстволорго жөнөтүлө тургандыгын маалымдап, коюлган маселелерди колго алаарын айтты.

Белгилей кетсек, депутат А.Алтыбаева төмөнкү айыл аймактарындагы мектептерди кыдырып чыкты:

Жоош айылдык аймагында:

1) З. Торобеков атындагы № 52- мектепте;

2) Бирдик айылынын №59 -мектебинде.;

3) Питомник айылынын №10- мектебинде;

4) Кызыл –Сарай айылынын №30-мектебинде;

5) Зарбалик айылынын №36-мектебинде;

6) Т. Бердибеков атындагы №41-мектепте;

7) Маданият айылынын №42-мектебинде;

8) Токтогул атындагы №73 – мектепте;

9) А. Сматов атындагы №74-мектепте;

10) Агартуу айылындагы №43-мектепте;

11) Гайрат айылындагы №29 мектепте.

Толойкан айылдык аймагында:

1)      О.Курманбаеватындагы, № 31-мектепте;

2) Учарайылындагы №28 мектепте;

3) Сайдиеватындагы №99 мектепте;

4) Ак-Буура №58-мектепте.

Кызыл-кыштакайылдыкаймагында :

1) Каматкеримов атындагы №117- мектепте;

2) Маматалиев атындагы №98 – мектепте;

3) Омурзаков атындагы №25 – мектепте;

4) Р.Насыров атындагы №20 –мектепте;

5) №123-мектепте;

6) М.Газиев атындагы №110-мектепте.