бегим

Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишмердигин кошумча жөнгө салган мыйзам долбоору өлкөбүздөгү өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катуу каршылыгына кабылды. Ошондой эле Американын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен, жакында жергебизге иш-сапар менен келген Американын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (ЮСАИД) администраторунун орун басары, бул агенттиктин бүт дүйнө боюнча жогорку даражалуу расмий өкүлү Марк Фиерстин бул мыйзам долбооруна байланыштуу тынчсыздануусун жашырышкан жок. Ушундан улам мыйзам долбооруна карата мындай кызыкчылык кайсы бир тараптар үчүн ошончолук маанилүүбү жана эмне себептен маанилүү деген суроо өзүнөн-өзү жаралбай койбойт. Бүгүнкү дүйнөдөгү абал, бирдей эле сценарийлер менен дүйнөнүн бир канча жеринде кезеги менен ишке ашырылып жаткан “түстүү” революциялар жана алардын кесепеттери, ири державалардын кызыкчылыктар тирешинен улам келип чыккан жагдайлар адамды ойго салат.

Миң сырдуу, көп кырдуу бул дүйнө

Биздин өлкөнүн өнүгүүсү, демократия деген кооз сөздөр чынында эч кимди деле кызыктырбасын түшүнгөндөй эле болуп калдык. Тескерисинче, Украина, Араб өлкөлөрүнүн ичтен ыдырап, согуш отунун тутанышында тышкы факторлордун таасири негизги роль ойногону уламдан-улам ачык боло баштады. Алар ошол өлкө ичиндеги эле калктын активдүү катмарын пайдаланып, кантип “революцияларды” даярдап коерун 2005-жылы Кыргызстанда ишке ашырылган революциянын сабактарынан да көрүүгө болот. Муну демократия, адам укугу деп эт-бетинен кеткен аткаруучулар өздөрү да толук сезбей калышы мүмкүн. Макул, алардын позициясында кандайдыр деңгээлде чындыктын үлүшү болгон күндө деле бул абалды алардын артында турган күчтөр өз кызыкчылык нугунда пайдаланышып жатышпайбы. Кыргызстандагы биринчи революциянын кандайча ишке ашырылганын баяндаган документалдуу фильм (“АКШ: Чыгышты багындыруу жана баш ийдирүү.” Революция. com) буга айныгыс далил боло алат. Андыктан, бул мыйзамдын жаралышы жана ага каршылардын чыгышы да түшүнүктүү. Бирок, дээрлик бардык ӨЭУлар каршы чыгып жаткан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору болгону саясий ишмердик чөйрөсүндө иштеген уюмдар үчүн гана айрым жаңы талаптарды киргизүүнү карайт. Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев сунуш кылышууда.

Коопсуздук үчүн көзөмөл керек

Кыргызстанда эгемендик жылдарында өкмөттүк эмес уюмдардын бүтүндөй бир армиясы пайда болду. Бүгүнкү күндө айрым маалыматтар боюнча алардын саны 16-20 миңге чейин чамалап барат жана алардын 1000ге жетпегени активдүү ишмердигин жүргүзөт. Эксперттер өкмөттүк эмес уюмдардын санынын көбөйүшүн биздин мыйзамдардын либералдуулугу менен байланыштырып, кандайдыр бир чараларды көрүүгө мезгил жеткенин айтышууда. “Албетте, өкмөттүк эмес уюмдардын санынын өсүшүнө биздин мыйзамдардын либералдуулугу аз эмес роль ойноп жатат. Бүгүн мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынып жаткан чечимдерге, ошондой эле өлкөдөгү болуп жаткан саясий процесстерге өкмөттүк эмес уюмдардын таасири жок эмес”,- деп билдирет Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Чинара Эсенгул “Вести.kg” сайтына. Эксперт батыштан колдоо алган ӨЭУлардын ишмердигин жөнгө салган мыйзам кабыл алуу зарылдыгын да четке какпайт. Кыргызстандын коомдук турмушу дайым окуяларга бай. Алардын бири да өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусусуз болбойт. Бүгүн алар бардык тармактарда – чарбалык, гуманитардык, социалдык, укук коргоо жана саясий процесстерде активдүү иш алып барууда. Ошондуктан, мыйзамда башка тармактардан саясий ишмердикти бөлүп кароонун таасын-так аныктамасы киргизилиши керек. Алдын-ала эле мыйзам кабыл алынса иш токтойт деп айгай салгандар аны түшүнбөгөндүктөн эмес, кандайдыр кызыкчылыктардан чыга албай жаткандай таасир калтырат.

Акча сүйлөгөндө акыйкат унчукпай калабы?..

ӨЭУлар жана эл аралык уюмдар бир кишидей болуп каршы болгон бул мыйзам долбоору кабыл алынса эмне өзгөрүшү мүмкүн? Биринчиден, буга чейин эле ӨЭУлар салык, Соцфонд, статистика мекемелерине отчетун берип келишкен. Өлкөбүздө “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам 1999-жылы эле кабыл алынган. Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунда бул жана башка дагы эки мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Ага ылайык, саясий ишмердикти жүргүзгөн уюмдар Юстиция министрлигине да отчет берүүсү менен катар жылына финансылык аудиттен өтүп, алардын отчету ММКларда, интернетте же социалдык түйүндөрдө жарыяланышы керек. Бирок, бул саясий ишмердик чөйрөсүндө иштегендерге гана тиешелүү. Мындан тышкары мыйзам долбоору саясий багытта чет элдик уюмдардын каржылоосунда иштеген уюмдарды, же саясий багытта иштеген чет элдик жарандарды “чет элдик агент” катары катталышын карайт. Чет элдик агент деген сөздү ар кандай түшүнүүгө болот. Бирок, мааниси “кимдир бирөөнүн тапшырмасы боюнча аракеттенүү дегенди” эле түшүндүрөт. Муну тыңчылык контекстинде гана кабыл алуу туура эмес, соода агенти, камсыздандыруу агенти деген сыяктуу түшүнүктөр да бар эмеспи. Мына ушундай жаңы эрежелердин киргизилиши эмнеге ӨЭУларды тынчсыздандырып жатканы түшүнүксүз. 40тан ашык ӨЭУлар бул мыйзамдын кабыл алынышына каршылыгын көрсөтүп, Президент Алмазбек Атамбаевге да кайрылуу жасап жиберишти. Кайрылууда ӨЭУлар алардын ишинин ачыктыгына каршы эместигин, бирок, болгону бул ачыктык ӨЭУларды “түстүү” революциялардын булагы катары караган өлкөнүн (Россиянын) терс тажрыйбасын көчүрүү эмес, демократиялык стандарттарда болушун каалай тургандыктарын билдиришет. “Кыргызстан эки революцияны баштан кечирди жана тажрыйба көрсөткөндөй ӨЭУлар мунун булагы да, катышуучусу да болгон эмес. Кыргызстандагы революция бийликтин элге каршы саясатынан жана коррупция жанга батып жакырданган элдин көтөрүлүшү болгон. Эгерде ал президенттер ӨЭУлардын бийлик саясатынын тигил же бул катачылыктарын көрсөткөнүн угуп, аны өз убагында жойсо, анда Кыргызстан эволюциялык жол менен ийгиликтүү өнүкмөк” – деп айтылат кайрылууда. Албетте, минтип барабанды катуу кагуунун өзү көп суроолорду жаратат. Муну менен алар революцияларга өздөрүнүн таасирин моюнга алып жатышкан жокпу? Эгерде элге жасаган иши ак, жашырган эч нерсе жок болсо, анда бул мыйзамдын кабыл алынышы аларды эмне үчүн мынчалык чочутууда? Өз маалыматтарын ачыктоодон өз мекемесинин жабылышын көргөндөр деги эмне менен алектенишет болду экен? Коомдук уюм болуп туруп, шпиондук уюмдан бешбетер мамлекеттин талабына ылайык өз маалыматтарынын ачык болушун каалабаганы эмнеси? Айтор, суроо көп.

АКШда да агенттер катталат

Мыйзам долбооруна каршылык кылып жатышкандар дүйнөнүн бир да демократиялык өлкөсүндө коомдук уюмдарга мындай катаал көзөмөл жок деп жанталашууда. Бирок ошол эле учурда башканы кой, бүт дүйнөгө демократиянын “экспорттоочусу” болгон Американы айткылары келишпейт. Демократиянын үлгүсүмүн деген Америкада мындан 76 жыл мурда эле “Чет элдик агенттерди каттоо жөнүндө акт” деп аталган мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам кабыл алынса, демократиядан артка чегинүү болот, өкмөттүк эмес уюмдардын иши токтоп, жабылат деп кыйкыргандар Американын жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын атайылап билмексен болушкандай. Мисалы, мындай мыйзам Израилде да бар. Израилде да саясий ишмердикти каржылаган эл аралык уюмдардын же чет элдик жарандардын таасиринен сактанышат. Бирок аларда атайын мыйзамсыз эле ӨЭУлардын ишмердиги жетиштүү көзөмөлгө алынган. Ишмердик мүнөзүн баяндаган ачык-айкын келишимсиз, күмөн туудурган акча которуу болсо токтотулуп, ӨЭУ эсебине түшпөйт. Бардык банктар тиешелүү органдарга тигил же бул ӨЭУга күмөндүү акча которуу болгонун билдирүүгө милдеттүү. Кошуна Кытай мамлекетинде укук коргоочулук же саясий иштерге аралашкан уюмдарга иш жүргүзүүгө жөн эле жол берилбейт. Чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам Россияда жана Азербайжанда кабыл алынган. Дагы тизмени узартсак Мексика, Пакистан, Судан, Венесуэла өлкөлөрүндө да мындай мыйзам иштейт. Малайзия, Бангладеш, Египет, Нигерия өлкөлөрү да бул багытта мыйзам кабыл алууну пландаштырууда. Ал эми учурда Казакстан жана Венгрия да чет элдик агент маселесине кайрылып, талкуулашууда. Кыскасы, муну мезгил талабынан чыккан дүйнөлүк тенденция десек болот. Демек, маселе – кыргыз бийлигинин ойлоп тапканы эмес, коомдук өнүгүүнүн туундусу катары шарт-жагдайдан келип чыккан зарылдык. Ар бир мамлекет өз коопсуздугуна кам көрүүгө милдеттүү. Аны кандайча көрөт, эмне кылат, ал Кыргыз мамлекетинин ички иши.

 Жогоруда сөз кылган мыйзам долбоору боюнча ноябрь айынын аяк ченинде парламенттик угуу өткөн. Ага өкмөттүк эмес уюмдардын жоон топ өкүлдөрү катышып, жыйынтыгында мыйзам долбоорун четке кагуу чечимине келишкен. Бул жыйынга мыйзам долбоорунун демилгечилеринен башка А.Сасыкбаева, Н.Никитенко катышып, калган парламент депутаттары кайдыгердигин көрсөтүшкөнү өкүнүчтүү. Ошондой эле Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Нуржан Таштанов катышып, бул мыйзам кереги жок деген пикирин билдирген. Жыйынтыгында долбоорду артка чакырып алуу анын демилгечилерине сунушталып, ал эми парламент жыйынына коюлса, аны четке кагуу суралган. Бирок демилгечилер мыйзам долбоору баары бир жалпы жыйындын кароосуна коюлат деген ишеничте.

Бегим ТУРДАЛИЕВА