Декабрь айынын башталышы менен Кыргызстанда мода жумалыгы өтөт. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Кыргызстандын фэшн дизайнерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Виталина Шевченко билдирди.

Мода1 Анын айтымында, буга чейин Орус драма театрында өтүп келген FASHION WEEK KYRGYZSTAN иш-чарасынын форматы жана орду бул жылы өзгөртүлүп, Бишкек шаарындагы көңүл ачуучу жайлардын биринде өтөт.

Учурда дизайнерлерди каттоо жана моделдердин кастинги боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

Мода4«Мода жумалыгы 4-7-декабрь күндөрү өтөт. 4-декабрда жаш дизайнерлердин жабык түрдөгү сынактык көрсөтүүлөрү болот. 5-декабрда Кыргызстандагы жетектөөчү дизайнерлердин коллекциясы көрсөтүлөт. Ал эми, 6-октябрда жаш дизайнерлердин мыкты эмгектери эл алдына чыгат. 7-декабрда шоу-рум өтөт», – деди В.Шевченко.

Булак: Баракелде