Р.Алкановдун бычактан жаракат алышы шектүү катары кармалган кыздарды зордуктоо аракетинен кийин болгон деген маалыматтар чындыкка туура келбейт, – жактоочу

Жеке ишкер Райкан Алкановдун денесине бир нече ирет сайылган бычактан жаракат алышы бул ишке шектүү катары кармалган кыздарды зордуктоо аракетинен кийин болгон деген маалыматтар чындыкка туура келбейт. Айрым ЖМКлар жарыялаган бул сыяктуу маалыматтар жалган билдирүү,…
Толугу менен »

Кыргызстанда абакта отурган аялдардын 33 пайызы күйөөлөрүнүн туугандарын өлтүрүү боюнча камалган

Кыргызстанда абакта отурган аялдардын 33 пайызы күйөөлөрүнүн туугандарын өлтүрүү боюнча камалган. Бул тууралуу маалымат Эл аралык абак реформасы уюму жүргүзгөн "Камалган аялдар кимдер?" деген аталыштагы изилдөөнүн жыйынтыктарында белгилүү болду.  Ага ылайык, аялдардын 32 пайызы баңгизатка байланыштуу кылмыштар…
Толугу менен »

Бишкекте Жалал-Абад облусунун губернаторунун мурдагы орун басары коррупция боюнча кармалды

Бишкекте Жалал-Абад облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Т.Гиязов кармалды. Бул тууралуу кечээ, 28-октябрда Жалал-Абад облусунун прокуратурасынан билдиришти. Маалыматка караганда, Т.Гиязов Кадыржан Батыровдун мүлкү боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Учурда ал Сузак райондук сотунун…
Толугу менен »

Жакында эле Бишкекте 1 сакчыны өлтүрүп, 1,7 миллион доллар карактап кетишкен бандиттер колго түштү

  Жакында эле, 23-сентябрда саат та Бишкектин Панфилов көчөсүнүн N 224-үйүнүн алдында "Аэротур" жана "Адал-туризм" туристтик компанияларынын туристтеринин Түркияга, товарга жөнөтүп жатышкан 1,7 миллион долларын коргоп бараткан инкассаторлорго куралдуу кол салуу болгон. Натыйжада, 47 жаштагы 1 инкассатор-сакчы…
Толугу менен »

Сузак районунда көк-бөрүү оюну учурунда чыр чыгып, натыйжада темир менен сабалып бир адам каза болду, экөө ооруканада

    Сузак районунда кечээ, 26-октябрда көк бөрүү оюнунан жаралган пикир келишпестик бир адамдын өлүмүнө алып келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурбек Жаныбековдун айтымында, Сузак районунун Ачы аймагындагы Алмалуу…
Толугу менен »

Ишкер Райкан Алкановду бычактап кетишти, ал оор абалда ооруканада

Кыргызстандагы белгилүү бизнесмен Райкан Алкановго кол салуу болуп, оор абалда ооруканага жеткирилди. Ишкерге дарыгерлер 4 сааттан ашык операция жасашып, абалы оор бойдон экени айтылууда. Алкановдун башына 3 жолу, денесине 13 жолу бычак сайылган, анын көптөгөн…
Толугу менен »

Түркияда Улан аттуу кыргыз жигит кримтөбөлдөрдүн “мыйзамдагы ууру” таажысын кийди

Шаршемби, 22-октябрда, Түркияда, КМШ өлкөлөрүнүн "мыйзамдагы ууруларынын" жыйыны ("сходка") болуп, анда Улан аттуу кыргыз жигитке "мыйзамдагы ууру" таажысын кийгизишти ("коронация"). Бул тууралу уюшкан кылмыштуу топторду иликтөөгө адистешкен Москвалык белгилүү «Прайм Крайм» маалымат агенттиги жазып чыкты. Бул…
Толугу менен »

“Кылмыш ишин козгобой жатышат”

"Менин карындашым зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлсө да, тиешелүү органдар кылмыш ишин козгобой жатышат" дейт маркумдун агасы. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда маркумдун бир тууган агасы Олег Северин маалымат жыйыны учурунда билдирди. “Үстүбүздөгү жылдын 17-октябрынан 18-октябрына караган түнү 41…
Толугу менен »

Бакай-Ата районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн баңгизат табылды

  Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында баңги затын мыйзамсыз сактоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүмү менен козголгон кылмыш иши боюнча Бакай-Ата райондук…
Толугу менен »

Зордуктоо кылмышына шектелген бишкектик тургунду кармады

Биринчи май РИИБдин аймактык тескөөчүсү зордуктоо кылмышына шектелген бишкектик тургунду кармады  Бүгүн, 23-октябрда Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы Биринич май райондук ИИБдин аймактык тартип сакчысы зордуктоого шектелген адамды кармагандыгын маалымдады. Анын маалыматына караганда, укук…
Толугу менен »

Коомдук ишмер маңзат соодасын жетектегенби?

Коомдук жана саясый ишмер Акылбек Атабаев 20 килограммдан ашык баңгизат менен колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга камалды. Акылбек Атабаев.  “Аалам кыргыздары” эл аралык журналынын жана “Чыйыр” гезитинин редактору Акылбек Атабаевге баңгизатты мыйзамсыз ташуу жана сатуу…
Толугу менен »

Жайыл районунда мас абалында мушташып, кошунасынын өлүмүнө себепкер болгон жаран кармалды

Чүй облусунун Жайыл районунда мушташ учурунда башка бирөөнү токмоктоп, анын өлүмүнө себепкер болгон шектүү колго түшүрүлдү. Бул тууралуу 23-октябрда ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, кечээ, 22-октябрда милицияга аймактык ооруканадан чакыруу түшкөн. Анда бейтапканага Эрктүү айылынын 35…
Толугу менен »