Бишкек шаардык мэриясы Кулатов менен Ибраимов көчөлөрүндөгү кайчы жолдорду кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө (фото)
Бишкек шаарынын мэриясы Кулатов менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги кайчы жолдорду кеңейтүү иштерин жүргүзүп жатат.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, 24-ноябрда Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дүйшембиев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Маалыматка ылайык, курулуш иши борбордук муниципалитет тарабынан каржыланып жатат. Чыгымдардын жалпы сметасы 1,33 млн сомду түзөт.
Кулатов менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишин кеңейтүү максатында Кулатов көчөсү боюнча бурулуштун радиусун кеңейтүү жолу менен аталган кайчы жолдогу кыймылдын планы иштелип чыккан. Л.Толстой көчөсүнө чыга турган чоң жолго кошулуучу жол тармактарын орнотуу, жол чырак объектилерин которуу жана Ибраимов көчөсүнүн батыш тарабы боюнча чоң жол тармактарын асфальттоо иштери жүргүзүлгөн.
Аталган объектте жүргүзүлүп жаткан иштер 25-ноябрда аяктайт.



Leave a Reply