4366

 Кечээ, 24-ноябрда КР өкмөтүнүн жыйынында КРнын пенсиялык камсыздоо тутумун өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев белгилегендей, мындан 4 жыл мурда өлкөдөгү иштеп жаткан пенсиялык тутумду реформалоонун биринчи баскычы башталган.

«Учурда биз иштеп жаткан жарандардын төлөм суммасы жогору, ал эми пенсиясы төмөн болуп жаткан абалды байкоодобуз. Бул социалдык жактан теңсиздикке алып келет. Абалды өзгөртүү үчүн биз жакында пенсиялык төлөмдөрдү чогултууну Социалдык фонддон салык органдарынын карамагына өткөрүп бердик. Мындай чара чогултууларды башкарууну жакшыртып, пенсиялык чегерүүлөрдүн ставкасын кыскартууга мүмкүндүк берет», – деди ал.

Концепция жөнүндө Өкмөт мүчөлөрүнө КР Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев айтып берди, анын айтымында, пенсиялык камсыздоо тутуму ар дайым көйгөйлүү болуп келген.

«Сунушталып жаткан Концепция өзүнө бир катар багыттарды камтыйт, анын ичинде КР Социалдык фондуна төлөмдөрдүн жаңы тарифин киргизүү, бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган аял жана эркектердин пенсияга чыгуу жашын өзгөртүү маселеси бар. Мындан тышкары биз эмгек мигранттарынын пенсиялык чегеримин төлөөнү тутумдаштырабыз, өзгөчө салымы үчүн пенсиялар өзгөртүүлөргө туш болот», — деди М.Абулгазиев.

Жыйынтыгында өкмөт башчы, пенсиялык тутум акыйкаттуулукка жана натыйжалуулукка негизделиши керектигин белгиледи. «Эгерде биз инерция менен иш алып барсак, анда биз эч кандай реформаларды өткөрө албайбыз»», – деди Ж.Оторбаев.

Талкуудан соң КРнын сунушталган Пенсиялык камсыздоо тутумун өнүктүрүү концепциясын сын-пикирлерди эске алуу менен жалпысынан жактыруу чечими кабыл алынды.