тюрьма

Пекиндеги түрмөлөрдүн бирине кичирейтилген  мини-шаарчаны курушкан. Анда автобус аялдамалары, метро станциялары, банктар, супермаркеттер, интернет-кафелер, ж.б. бар. Аны жыйырма жылдан ашык түрмөдө жаткандарды кийин ал жактан эркиндикке бошоп чыккандан кийин жай турмуш агымына тез аралашып кетүүлөрүнө  алдын-ала  көнүктүрө берүү максатында курушкан. Бул жерде банк карточкаларын кантип пайдалануу керектигин, уюлдук телефондорду колдонууну, компьютерде иштей билүүнү да үйрөтөт. Кыскасы, түрмө шартында да алар өздөрүн шаардын тургунундай сезип, бардык керектүү кызматтарды дароо колдонуп кетүү жөндөмдөрүнө ээ болуп чыгышат.

 Таалайбек  ТЕМИРОВ