AH3Q4655 Азиялык футбол конфедерациясы континенттин башкы клубдук мелдешинин финалдык оюнунда иштөөчү расмийлердин ысымдарын атады.

Кыргызстандын футбол лигасынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында Эр-Риядда (Сауд Аравия) же Аль-Айнда (Бириккен Араб Эмираттары) өтүүчү финалдык оюнда тажрыйбалуу адис Юичи Нишимура башында турган япониялык бригада калыстык милдетти аркалайт. Калыстардын бригадасына насаатчы Бахрейндин өкүлү Абдулрахман Аль Делавар болмокчу.

Ошондой эле, аталган беттешке комиссар болуп кыргызстандык Кемел Токабаев дайындалды.

Учурда Кыргызстандын футболдук лигасынын директору болуп турган К.Токабаев Азияда өлкөнүн атынан жалгыз АФК комиссары болуп саналат.

«АФКга мага ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазымын. Финалдык беттеш азиялык футбол сүйүүчүлөрүнө көп жакшы саамалыктарды тартуулайт деген үмүттөмүн», – деп билдирди комиссар.

К.Токабаев 2008-жылдан бери АФКнын, 2011-жылдан бери ФИФАнын комиссары. ФИФА жана АФКнын 156 эл аралык беттештеринде комиссарлык милдетти аркалаган.