КММА ректору А.Зурдинов «Азаттыктын» журналисттери менен болгон окуяга кызматтык иликтөө жүргүздү
И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Аширалы Зурдинов, 17-февралда «Азаттыктын» журналисттери менен Медакадемиянын кызматкерлеринин ортосунда чыккан жаңжал боюнча кызматтык иликтөө жүргүздү.
Бүгүн, 20-февралда КММАнын басма сөз катчысы Абибилла Пазылов билдиргендей, анын жыйынтыгы менен ректор окуу жайдын аппарат жетекчиси А.Гапаровго жана иш башкармалыктын башчысы М.Сулаймановго сөгүш жарыялады, ошондой эле ректордун кабылдамасындагы катчы Ж.Токтомамет кызына иш милдеттерин тийиштүү аткарбагандыгы үчүн эскертүү берилди.
«КММА ректору окуяга кабатырлануусун билдирет жана окуу жайдын айрым кызматкерлеринин мындай аракети үчүн кечирим сурайт», – деди ал.
Булак: Баракелде


Leave a Reply