maksutov

Аэропортторду калыбына келтирүү туристтик жайлардын өнүгүүсүнө шарт түзөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов билдирди. Союз учурунан бери иштеп келген аэропортторду калыбына келтирип, ишке киргизүү туристтик жайлардын өнүгүүсүнө, калктын убакытты үнөмдөөсүнө чоң өбөлгө түзөт дейт министр.“Чындыгында бул өтө орчундуу маселе. Учурда Ысык-Көл облусундагы Каракол лыжа базасына туристтер, жарандар барып эс алып жаткан кези. Мурда Караколго учактар тынбай учуп турган. Тилекке каршы, ал жердеги аэропорт кароосуз калган. Мындай аэропортторду кайрадан калыбына келтиргенде жарандар, чет элдик коноктор анын кызматынан көбүрөөк пайдалана алышмак. Азыркы глобалдык заманда адамдар үчүн убакыт абдан маанилүү. Ошондуктан учурдун талабына ылайык шарттарды түзүү зарыл”,- деди Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА