Партиялардын саясий салмагын аймактар аныктайт
Келерки жылы өтүүчү парламенттик шайлоолордо саясий партиялар үчүн мурдагы 5%дык эмес, 10%дык чектен өтүү талабы коюлушу мүмкүн. Ушул жерден дароо эле 10%дык чек мурдагыдай тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын эмес, шайлоодо добуш берген шайлоочулардын жалпы санынан алынарын тактап кеткенибиз оң. Шайлоо системасына мындай өзгөртүүнү депутаттар Феликс Кулов менен Чыныбай Турсунбеков демилгелешүүдө. Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлган.
Көп суур ийинди Кең казбайбы?
Сунушталып жаткан мыйзам долбоору анын демилгечилеринин ынанымында, партиялардын ирилешүүсүн жана парламентке келчү партиялардын санынын азайышын шарттайт. Парламентте саясий партиялардын көп санда болушу акыркы жылдардагы кыргыз парламентинин тажрыйбасы көрсөткөндөй чечимдерди кабыл алууну татаалдаштырып, коалициялардын туруксуздугуна жана ага жараша Өкмөттүн беймаал алмашуусуна алып келүүдө. Азыркы учурда өлкөбүздө 192 саясий партия каттоодон өткөн. Алардын баарынын программа-максаттарын мындай кой, жөн эле аталыштарын адашпай жаттап алуу шайлоочу үчүн оңой иш эмес. Андыктан, саясий айдыңда чыныгы реалдуу партиялардын калышы жана алардын саясий максат-жоопкерчилигинин калк үчүн ачык-айкындыгына шарт түзүү маанилүү. Бул жана башка жагдайларды эске алганда шайлоо системасына сунуш кылынып жаткан өзгөртүүнүн идеясына ынанууга болот. Бирок, бул маселенин айланасында кайчы пикирлер да пайда болууда. Айрымдар шайлоодо партияларга 10%дык чек киргизилсе, шайлоочулардын кайсы бир бөлүгүнүн өкүлчүлүгү парламентке келе албай калат дешет. БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов азыркы парламентте шайлоочулардын 36%ынын добушун алган өкүлдөрү отурганын, эгерде 10%га көтөрүлсө дагы эле парламентке шайлоочулардын орточо алганда 30%ынын өкүлдөрү келип, калган шайлоочулардын добушу эске алынбай калат, – деген пикирин айтууда. Ал эми мыйзам долбоорунун демилгечилери мурдагы 5%дык чек менен сунуш кылынып жаткан 10%дык чектин ортосунда айырмачылык өтө эле кичине, бул партиялардын парламентке келишине олуттуу тоскоолдук деле жаратпайт деген пикирди карманышууда.
Орун алмашкандан сумма 0,92%га өзгөрдү
2010-жылы өткөн парламенттик шайлоодо жалпы республикабыз боюнча тизмеге кирген шайлоочулардын 5%ын жана 7 облус менен Бишкек, Ош шаарларынан шайлоочулардын 0,5%ынан кем эмес добушун алган саясий партиялар парламентке келишкен. Ал эми келерки жылдагы шайлоодо тизмедеги эмес, шайлоого катышып, добуш берген шайлоочулардын жалпы республикабыз боюнча 10%дан кем эмес добушун жана ар бир облустан жана Бишкек менен Ош шаарларынан шайлоочулардын 0,7%дан кем эмес добушун алган партиялар келиши керек. Албетте, эгерде сунуш кылынган мыйзам долбоору кабыл алынса. Өткөн парламенттик шайлоодо жалпы республикабыз боюнча 2 млн. 852 миң шайлоочу тизмеге кирсе, анын 1 млн. 679миң 538и шайлоого катышып, добуш беришкен. Башкача айтканда, жалпы шайлоочулардын 55,9%ы катышкан. Эмдиги жылкы шайлоодо балким элибиз активдүүлүгүн көрсөтүп, мындан алда канча көп шайлоочу добуш бериши мүмкүн, бирок республикабыз боюнча жалпы шайлоочулардын тизмеси ошол эле 3 миллиондун айланасында түзүлөөрү калетсиз. Парламентке келем деген партиялар жалпы шайлоочулардын санынан эмес, шайлоого катышкандардын 10%ынан кем эмес добуш алуусу партиялар үчүн канчалык олуттуу тоскоолдук болушу мүмкүн? Президенттик Аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин айтуусунда, шайлоодо партияларга коюлуучу чектин көбөйтүлгөн көрсөткүчү иш жүзүндө 1%га да жетпейт. Ал республикалык чектин көтөрүлүшү боюнча өз пикирин айтып, аны мындайча түшүндүрдү: “Биз эсептеп көрсөк шайлоодо добуш бергендердин 10%ы тизмедеги жалпы шайлоочулардын 5,92%ын түзөт экен”. Ооба, 2010-жылы тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 5%ынан кем эмес добушун алган партиялар парламентке шайланган. Бул жолу шайлоого катышып, добуш бергендердин 10%ынын колдоосун алуусу керек. Бирок, белгилүү болгондой, 10%дык барьер партиялар үчүн анчалык чочулай турган тоскоолдук жаратпайт. Жөнөкөйлөтүп айтканда, шайлоого добуш бергендердин 10%ы же болбосо мурдагы эреже менен алганда тизмедеги жалпы шайлоочулардын 5%ынын ордуна 5,92%ынын добушу партиялардын парламентке келиши үчүн республикалык чектен аттап өтүшү болуп саналат. Демек, айырма 0,92% гана болууда.
Аймактык чек баарынан маанилүү
Чындыгында 10%дык чек боюнча оң же тескери пикир айтылып жатканы менен шайлоодо партиялардын парламентке келүүсү үчүн бул негизги маселе эмес. Негизги маселе 0,7%дык аймактык чектен өтүү болушу мүмкүн. Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунда аймактык чек, башкача айтканда 7 облустан жана Бишкек менен Ош шаарларынан шайлоого катышкан шайлоочулардын 0,7% пайыздан кем эмес добушун алуу талабы өзгөртүүсүз калтырылат. Биздин оюбузча, партиялар үчүн проблема мына ушул жерде. Мыйзам долбооруна ылайык, шайлоонун жыйынтыктары боюнча республикалык жана аймактык чектен өткөн 1 эле партия болсо анда башкаларга салыштырмалуу көп сандагы добуш алып, бирок республикалык чектен өтпөсө да бардык аймактык чектен өткөн партиялар мандаттарды бөлүштүрүүгө катыша алат. Ошондой эле республикалык жана аймактык чекти багындырган 2 же 3 партия болгон күндө да жогорудагыдай эле тартипте алган добуштары боюнча кийинки орундагы партиялар ортосунда мандаттар бөлүнөт. Бирок, талап баягы эле – республикалык чектен өтпөсө да, бардык аймактык чектен өтүшү керек! 2010-жылы “Ата-Журт” партиясы түштүктөн басымдуу добуш алганы менен түндүк тараптан, өзгөчө Бишкек жана Чүй облусунан 0,5%дык чектен араң өткөнү белгилүү. Ушундан улам республикалык чек 10%га көтөрүлгөнүнөн да аймактык чектин 0,5%дан 0,7%га көтөрүлүшү көңүл бурууга арзыйт. Партиялар үчүн жалпы республикалык чек 10%га көтөрүлгөнү менен ага компенсация иретинде бул чектен өтпөсө да бул чекке жакындаган, бирок аймактык чектен өткөн партияларга артыкчылык берүү схемасы киргизилген. Ал эми аймактык чекке байланыштуу мындай “кечиримдүүлүк” жок. Бул олуттуу кыйынчылык болушу мүмкүн, бирок түпкүлүгүндө зарыл талап деп ойлойбуз. Мамлекетти башкарууга катышам деген партиялар тигил же бул аймактын же топтун эмес, жалпы өлкө тургундарынын ишенимине жана колдоосуна ээ болуусу абзел. Бул шайлоо саясий партиялардын салмагын мына ушинтип өлчөп койчудай болуп калды окшойт.
5 эмес, 4 партиянын келишине артыкчылык берилет
Азыркы парламентте 5 саясий партиянын өкүлдөрү отурат. Бирок, ушул 5 деген сан мыйзам долбоорунун демилгечилеринин демин катуу сууткан өңдөнөт. Феликс Кулов 5 фракция өтө эле көптүк кылат деп эсептейт. Анын пикиринде, парламентке 4 партиянын келиши – эң оптималдуу вариант. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча талапка ылайык 1, 2 же 3 партия жеңген учурда да, 4 партиянын ортосунда мандат бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк берген механизм киргизилгенин жогоруда айтып өттүк. Муну мүмкүн болушунча шайлоочулардын добуштарынын басымдуу бөлүгүн алган парламенттин куралышына көрүлгөн камкордук катары баалоого болот. Азыркы парламентте жалпы шайлоочулардын болгону 36%ынын добушун алган партиялар отурганын эске алганда мындан кыйкым издеп кереги жок. Парламент элдин эркин чагылдырган бийлик органы болушу керек. Анан калса алдыдагы парламенттик шайлоодо бир же эки партия жеңишке жетишип, мандаттар алардын ортосунда гана бөлүнүп калган шартта саясий активдүүлүк чыңалып, өлкө тынчтыгына доо кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Албетте, алдыдагы шайлоо эрежелеринин мындай өңүттө өзгөрүшү да, өзгөрбөшү да мүмкүн. Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбооруна карата эксперттер, мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, акыр аягында саясий партиялардын өздөрү пикирлерин айтып, талкуулашууда. Бул демилгеге сын айтып, жактырбай жаткандар да аз эмес. Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Тынчтыкты изилдөө борборунун жетекчиси Расул Авазбек уулу 10%дык чекти киргизүү шайлоодо партиялардын санын азайтат,- деп эсептейт. Ал эми саясий эксперт Руслан Ташанов парламентке 5 партиянын келиши Өкмөттүн туруксуздугуна жана жоопкерчиликсиздигине алып келгенин, 10%дык чектин коюлушу партиялардын биригишине жана санынын азайышына шарт түзөөрүн белгилеп, парламентке келген партиялар коалицияны түзүп, кайра таратып, бийлик бөлүштүрүү менен гана алектенип калышты,-дейт. Ал ошондой эле 10%дык чектин киргизилиши менен партиялар биригип, күчтөнөт. Парламентке бир нече партиялардын альянсы келип, Өкмөттүн туруктуу иштөөсүнө жана күчтүү оппозицияга шарт түзүлөт деген пикирде.
Ал эми жаңы түптөлгөн “Эмгек” партиясынын катчылыгынын жетекчиси Исламбек Мурсабеков парламенттик шайлоодо партиялар өтө турган чектин 10%га көтөрүлүшү Кыргызстанда партиялардын ирилешүүсүнө жол ачкан жакшы түрткү болот дейт. Анын көз карашында мындай талап регионалдык, кландык жана башка негизде түзүлгөн майда саясий партиялардын өз ара тазаланып, өнүгүүсүнө өбөлгө болмокчу. Мындан тышкары, ал 200гө жакын саясий партиялардын санын азайтып, коомдун өнүгүүсүнө жол ача турган жана мамлекетти саясий-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча конкреттүү программалары жана кадрлары бар ири партиялардын атаандаштыгын калыптандырууга мезгил жетти деген ойдо.
Парламенттик шайлоо да жакындап калды. Бирок, шайлоого катышып, парламентке келүүнү көздөгөн партиялар камылгасын эбак эле көрө башташкан. Алар элдин калың катмарын канчалык өздөрүнө ынандырышат жана коюлуучу чекти жеңип өтө алышабы аны убакыт көрсөтөт. Ошол эле учурда партиялардын өздөрүнө ишеними канчалык жана аламан байгеге чыгууга даярбы, аны салмактоого дагы убакыт жетишерлик бар.
Бегим ТУРДАЛИЕВА


Leave a Reply