1280328255

Орусиялык “Газпром” компаниясы келгенге чейин Кыргызстанда газдын баасы калк үчүн 16 сом 80 тыйын эле. Азыр кубометри 13 сом 93 тыйындан сатылууда. Газга болгон тариф шыр эле 3 сомго түштү.

“Мындан ары калкка берилип жаткан газдын баасы доллардын курсуна жараша өзгөрүп турушу мүмкүн. Анткени, газды ушул валютада сатып алуудабыз”,- деп билдирди энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаев парламенттин 4-декабрдагы жыйынында.

Ал эми экономика министри Темир Сариевдин айтымында, көгүлтүр оттун миң кубометрин “Газпромнефть Азия” азыр 165 доллардан алып келүүдө. “Биз үчүн ылайыктуу баа. Буга чейин башка кошуналардан миң кубун 220 доллардан сатып алып жатканбыз”- деп, кошумчалады министр.

Атай АЛТЫМЫШЕВ