Таң аткандан түнгө дейре жаны тынбаган Алтынбек Максутов
Жүрөгүнөн ант берди
Маалымат жана туризм министрлигинде иш алып баруу планы бир жума мурда түзүлөт. Бирок, көбүнчө өзгөрүүлөргө дуушар болот. Анткени, эртең дагы бир маселе көтөрүлүп чыгышы мүмкүн. Адабият, маданият, искусство залкарларынын мааракелери өтүш керек. Чет өлкөлөрдөгү иш-чараларга катышуу зарыл. Мен 19-ноябрь күнү маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов бир иш күнүн кандай өткөрөөрүн өз көзүм менен көрүп-билүү үчүн кайсы иш-чарага катышса, ошол жакка барып, коштоп жүрдүм. Эртең менен саат 9.00дө Жогорку Кеңештин залында болдук. Анткени, Алтынбек Аскарович бул күнү КРнын Президентинин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, элдин алдында ант бериши керек болучу. 9.50дө КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев келген соң, ЖКнын спикеринин орун басары Т.Зулпукаров биринчи ИИМдин убактылуу милдетин аткаруучу Мелис Турганбаевди, экинчи маданият, маалымат жана туризм министринин убактылуу милдетин аткаруучу Алтынбек Максутовду ант берүүгө трибунага чыгууга чакырды.
Андан сырткары энергетика жана өнөр жай, Саламаттыкты сактоо министрлери да ант беришти.
Маараке, маек, жыйындар
Андан соң Шабдан баатырдын 175 жылдык мааракесине арналган иш-чара Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда саат 11.00дө башталмак эле. Машина менен жетип бардык. Министр Шабдан баатыр жөнүндө 5 мүнөттөй сүйлөп, мааракени ачык деп жарыялаган соң, Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолду. Филармонияга эл жык-жыйма толуптур.
Алгачкы сөз Шабдан баатырдын мааракени өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы КРнын Биринчи вице-премьер-министри Сарпашев Тайырбекке берилип, андан кийин ЖКнын депутаты Жылдыз Жолдошева, Каныбек Иманалиевдер сүйлөдү.
Ошентип маараке аяктай электе ал жерден чыгып кетүүгө туура келди. Себеби, министр 13.00дө парламент радиосуна маек бериш керек эле. Ар кандай суроолорго жарым саат жооп берди. Парламент радиосунун кабарчысы Алтынбек Максутовдун бүгүн ант берип, министрлик ишке киришкендигин угармандарга айтып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигин кантип оңдоо жолдору жөнүндө суроолорун узатты. “Оңдоо үчүн жалаң эле министрликтин кызматкерлери эмес жалпы эл көмөк көрсөтүшү керек”, – деди министр. Министрликке кандайча келгендиги жөнүндө суроого 13 адам талапкер болуп, алардын ичинен үчөө өтүп, үчөөнүн ичинен өзү шайлангандыгын толугу менен айтып берди. Кыргызстандын бардык аймактарынан кызыктуу суроолор түшүп жатты. Министр баарына жооп берүүгө аракет жасады. Бирок, толугу менен жооп берүүгө убакыт жетишсиз эле. Анын үстүнө сөз аркылуу көйгөйлүү маселелердин баарын чечүүгө мүмкүн эместигин айта кетүүбүз абзел. Саат 14.00дө КРнын Өкмөтүндө жыйын болуп, ар кандай маселелер каралды.
“Учурдун” ийгиликтерине кубанып…
Баса, убакыттын жетишсиздигинен түшкү тамакты ичүүгө да убакыт болгон жок. График боюнча саат 16.00дө “Учур” театрына жөнөдүк. Жамаат менен 2 саат сүйлөшүүгө туура келди. Көйгөйлөрү көп экен. Бул театрга мурда “Чатыр-Көл” кино театрынын имаратын беришкен. Кийин бир себептер менен имарат өрттөнүп, аны ремонттоого 2010-2011-жылы 2,5 миллион сом бөлүнүп, ал жетишсиз экендиги жөнүндө сөз болду. Толук ремонт үчүн 19 миллион сом талап кылынат экен. Андан сырткары, маселен медиктер, милиция жана жоокерлер үчүн атайын үйлөр салынып, маданият кызматкерлерине үй берилбей калгандыгы жөнүндө маселелер каралды. Кубанта турган нерсе – Казакстандын Тараз шаарында 7 номинация боюнча жарышта “Учур” театры 4 номинацияны утуп алыптыр. Анан 8 киши бата турган жаңы машина алышыптыр.
Саат 22 дегенде тарадык
Саат 18ден 10 мүнөт өткөндө Маданият, маалымат жана туризм министрлигине келдик. 15 мүнөттөй убакыт бар экен. Ал учурда КТРКнын кызматкерлери келип, “Ала-Тоо таңшыйт” деген долбоорду аталган министрлик менен бирге иштөөгө сунуштап келгендигин билдиришти.
Андан соң кечки саат 20.00гө чейин министрликтин алдындагы Туризм департаментинин жетекчиси Чакиев Максат отчёт берди. Сыртка чыгалы деп атсак эки киши келип калыптыр. Жекече маселелери бар экен… Антип-минтип аларга жооп бергенче 21.20 болуп калды. Айта кете турган нерсе, министрликте өзүнчө жарандарды кабыл алуу күнү бар. Бирок, ага карабастан жеке көйгөйлөрүн чечүү үчүн келе бергендер да өтө көп экендигин баса белгилеп кетким келет…
Министрди бир күн коштогон Карбалас Бакиров




Leave a Reply