кулматов Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов мэриядагы муниципалдык административдик кызматтардагы ваканттык орундар боюнча өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы менен кадрдык дайындоолорду жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Сынактын жыйынтыгы менен болгон дайындоолор:

– Алымкулов Болот Карыпбекович – Бишкек шаардык мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын башчысы

– Аскар уулу Мирлан – Ленин райондук администрациясынын башчысы

– Султанов Токтосун Султанович – Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары

– Ажекбаров Канчоро Абыкеевич — Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы

– Өмүрканов Сталбек Калыкович – Бишкек шаардык мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы

– Тынаев Нурдин Раатбекович – Бишкек шаардык мэриясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы

– Алсеитов Кубанычбек Акунович – Октябрь райондук администрациясынын аппарат жетекчиси

– Тойжанов Алийакбар Куптаналиевич – Биринчи май районунун №15 муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы.