Нарында почта кызматынын кирешеси жарым миллион сомдон ашык кемиген
«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Нарын райондук филиалы 2014-жылы 8955,3 миң сом киреше алган. Бирок алдыга коюлган план-тапшырмалар 93,9 пайызга аткарылган жана жыйынтыгында ишкана бир жылда 581,1 миң сом кирешеден куру жалак калган. Жагдайды ишкананын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кубанычбек Карыев почта тейлөөсүнөн кардарлардын азайгандыгы менен түшүндүрөт.
-Бизде пенсия менен пособие алуучулардын саны азаюуда. Ушундан улам алдыга коюлган план аткарылбай калды. Бирок пенсия менен пособиеден сырткары алынуучу кирешелер 109 пайызга аткарылды,-дейт К.Карыев мырза.
Эгерде филиал боюнча 2013-жылы 3154 ардагер пенсия алып келишсе, 2014-жылы 2510 адам пенсия алган. Ошондой эле 2013-жылы 8163 жаран пособие алса, бул көрсөткүч өткөн жылы 5952ге чейин азайган экен.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу
Leave a Reply