Жогорку Кеңештин Төрагасы А.Жээнбеков ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Юки Мокуону кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 3-ноябрда Бириккен улуттар уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы Өкүлү Юки Мокуону кабыл алды деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
Жолугушууда балдардын абалын жакшыртууга жана алардын укуктарын коргоого багытталган иш-чараларды мындан ары жүзөгө ашыруу максатында өлкөнүн мыйзамдык базасын жакшыртуу маселелери талкууланды. Ошондой эле мыйзам деңгээлинде балдарды социалдык жактан коргоо, калкты сапаттуу тамак-аш менен камсыздоо маселелерине токтолушуп, буга байланыштуу аракеттеги мыйзамдардын натыйжалуулугу тууралуу пикир алышуу болду.
Ошондой эле Төрага А.Жээнбеков ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы программаларынын ийгиликтүү иштеп жаткандыгына оң баасын берип, Кызматташуу программасынын алкагындагы бир катар долбоорлордун ишке ашырылгандыгына ыраазычылык билдирди.
А.Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын октябрь айында КР Жогорку Кеңеши тарабынан кылмыштын, зордук- зомбулуктун күбөсү же курмандыгы болгон балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча 2014-2018-жылдарга карата мамлекеттик программа бекитилгендигин белгилеп өттү. Бул документ балдардын укугу менен кадырын урматтап, аларга тиешелүү мамиле жасоону камсыздайт. Төрага балдардын укуктарын коргоонун оң үлгүсү катары эл аралык укуктун принциптери жана ченемдерине ылайык келген, парламент тарабынын кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Балдар кодексин мисалга тартты. “Кыргызстандын бийлиги балдардын абалын жакшыртуу максатында зарыл болгон шарттар менен камсыздоочу ченемдик-укуктук базаны түзүү үчүн баардык мүмкүн болгон чараларды көрүүдө”,- деп баса белгиледи өз сөзүндө А.Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин Төрагасы бүгүнкү күндө жаштарды толеранттуулукка тарбиялоо жана тынчтык орнотуу үчүн аянтча түзүүгө багытталган бирдиктүү долбоорлорду ишке ашыруу өтө зарылдыгын билдирди. Анын пикиринде, аталган милдет дүйнө жүзүндө экстремизмдин жана терроризмдин жайылтылышына байланыштуу артыкчылык болуп саналат.
ЮНИСЕФтин Өкүлү Юки Мокуо балдарды коргоо жаатындагы мыйзам демилгелерин көтөрүүдө Кыргызстандын парламентинин ордун белгилеп, Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен ЮНИСЕФтин бирдиктүү ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына канагаттангандыгын билдирди. Ошондой эле балдардын укуктарын камсыздоо максатындагы өлкөнүн мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ишти уланткан азыркы чакырылыштагы парламенттин ишмердүүлүгүнүн маанисин баса белгиледи.
ЮНИСЕФтин Өкүлү Кыргызстандын парламенти, анын бардык кызыкдар комитеттери менен кызматташууга даяр экенин айтып, ал Төраганы ЮНИСЕФ белгиленген пландар менен бирдиктүү долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгына ишендирип өттү.
Жолугушуунун соңунда Төрага биринчи жолу соттолгон жашы жете электер үчүн өзүнчө пенитенциардык мекеме түзүү боюнча конкреттүү долбоорду иштеп чыгууну сунуштады.


Leave a Reply