капсул

Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Эркин Сакебаев, Заирбек Жоошбеков жана Турсунтай Салимов Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Үч-Эмчек айылындагы жаңы мектептин пайдубалын түптөөгө – капсула салууга катышты.

Депутат Эркин Сакебаевдин айтымында,  өткөн жылы бул райондун шайлоочулары менен жолугушуп жүрүп, Ө.Жакишев атындагы мектептин абалынан кабар алышкан. Мектеп имараты жыгачтан салынгандыктан кыш мезгилинде жылуулук кармалбай, окуучулар муздак класстарда сабак өткөндүгү, дегеле мектептин эскилиги жеткендиги жөнүндө айыл тургундарынын даттануулары болгон. Айыл жергисиндеги билим очогу болгон мектептин көйгөйү боюнча эл өкүлдөрү Өкмөткө кайрылып, натыйжада 2015-жылдын республикалык бюджетинин капиталдык салымдар боюнча беренеси аркылуу курула турган обьекттер тизмесине кирген.

“Эми минтип 150 орундуу мектептин курулушу башталып отурат. Бирок долбоордо белгиленген мектептин спорт залы кирбей калгандыктан, бул маселени тууралуу Өкмөткө, Мамлекеттик курулуш мекемесине кайрылабыз. Келечекте дени сак, өлкө керегине жарай турган билимдүү, алдыга умтулган, спортсмен балдар окуп чыгат деген үмүттөбүз”,- дейт депутат Э.Сакебаев.

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башысы Бакыт Бектуров Жогорку Кеңештин депутаттарына айыл тургундарынын ыраазычылыктарын билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.