кален1

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  эс алуу жана майрам күндөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында “Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө” токтомдун долбоорун даярдады.

Ага таянсак, 27-декабрдагы (ишемби) дем алыш күндү 2015-жылдын 2-январына (жума) жумушчу күнгө которуу, 10 жана 17- январдагы (ишемби) дем алыш күндөрдү 5 жана 6-январдагы (дүйшөмбү, шейшемби) күндөргө алмаштыруу каралган.

Ошентип, 2015-жылдын 1-7-январында майрамдык дем алыш күндөрүн жарыялоо сунушталууда.