афган жыйын7 Афган жыйын Афган жыйын1 афган жыйын2 афган жыйын3 афган жыйын4 афган жыйын5 афган жыйын6

Үстүбүздөгү жылдын 15-февралында Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” эс алуу багында Ооган Республикасынын Советтик аскерлерди алып чыгуунун 26 жылдыгына карата салтанат өткөрүлдү. Ага Жалал-Абад шаарынын  вице мэри Тайирбек Чойбеков, шаардык кеңештин төрагасы Нургазы Нишанов, мекеме иш каналардын жетекчилери, Ооган согушунун ардагерлери жана апаатта каза болгондордун жакындары катышышты.

Алгач кайтыш болгондорду эскерип, эстелигине гүлчамбарлар коюлду жана ок атылды.

Вице мэр Т.Чойбеков өзүнүн куттуктоо сөзүндө: “Жалал-Абад шаарынан жүзгө жакын жоокер согушка катышкан. Алардын ичинен курман болгон Валерий Кашкин жана Толкун Ходжибаевдин ысымы менен аталган шаарыбызда көчөлөр бар. Ооган жоокерлеринин эрдигине, Мекенди коргоо атуулдук жоокердик парзыңарды абийирдүүлүк менен аткарып, эл арасында сый-урматка татыган сиздердин жана ооган апаатынан кайтпай калган жоокерлерге таазим этип, алардын элеси түбөлүк калат”,-деп айтып өттү.

Ошондой эле Н.Нишанов жана мекеме-ишканалардын жетекчилери Ооган согушунун ардагерлерин куттуктап өтүштү.

Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад