жалал-

жалал1-

14-январда Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” аймактык башкаруусунда  “Курманбек”, “Достук” аймактык башкаруусунун кызматкерлери, тургундары жана мусулмандар казыятынын имамдарынын катышуусунда  “2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы”-  тууралуу жыйын болду.

Анда үч маселе каралып, түшүндүрүүлөр болду.

  1. Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын принциптери  жана максаты.
  2. Диний саясаттын негизги багыттары.
  3. Концепцияны ишке ашыруу

Руханий баалуулуктарды өнүктүрүүгө чакырылган институттар катары диний уюмдар жарандардын абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укуктарын камсыз кылуунун маанилүү субьектиси мамлекеттин коопсуздугун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу-мамлекеттүүлүктү туруктуу өнүктүрүүнүн жана бекемдөөнүн негизги шарттарынын бири. Бул максатка жетишүү үчүн динге ишенгендердин конституциялык укуктарын сактоо, ошондой эле жарандардын милдеттерин түшүнүүсүнө негизделген коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды так түзүү талап кылынат.

Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу