ж1111
Журналист Жанар Акаев Президенттин пресс-катчысы болуп дайындалды, деген кабар бүгүн айрым ММКларда жазылууда. Аларда айтылгандай, буйрукка бүгүн кол коюлушу күтүлүүдө.
Ошондой эле белгиленгендей, Президент Алмазбек Атамбаев өткөн аптанын соңунда Жанар Акаевди кабыл алып, аны бул кызматка бекитүү тууралуу сүйлөшкөн.
Эске салсак, Президенттин мурдагы пресс-катчысы Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШдагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалгандан кийин пресс-катчылык орун убактылуу бош турган.
Жанар Акаев “Азаттыктын” кабарчысы болуп саналат.
Динар ТУРДУГУЛОВА