Шаардык милиция шардана кылды
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарып, “Кабар” маалымат агенттигинде журналисттер үчүн конференция өткөрдү. Ага Бишкек шаардык ИИБ начальнигинин орун басары Александр Белунскас, ИИБ начальнигинин иликтөө иштери боюнча орун басары Памирбек Асанов, кызмат иштери боюнча начальниктин орун басары Алмаз Орозалиев, кадрлар боюнча начальниктин орун басары Жаныбек Арыков, жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын начальниги Жамила Талканбаевалар катышып, акыркы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат беришти.
2014-жылы 217 коомдук жайларга коопсуздук кызматы көрсөтүлгөн. Анын ичинен 43 мамлекеттик маанидеги, 6 диний, 131 спорттук жана маданий көрүүчүлүк, 12 расмий иш-чаралар, башка 25. Мындан тышкары, 210 саясий партиялардын лидерлери жана жарандар тарабынан уюштурулган митинг, пикеттерди көзөмөлдөө, анын ичинде 118 саясий мүнөздөгү, 92 социалдык-экономикалык мүнөздөгү жана 197 резонанс жараткан сот процесстери болгон.
Статистика көрсөткөндөй, өткөн жылдын 12 айында кылмыш жасаган 4402 адам аныкталган. Өзгөчө көп кылмыш жасаган адамдар 49 жашка чейинкилер болгон, селсаяктар тарабынан 185 кылмыш иши жасалган. Ал эми жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан 163 кылмыш иши катталса, чет өлкөлүктөрдөн 66 кылмыш иши жасалган.
Өткөн жылы 566 адамдын жоголгондугу белгилүү болуп, анын 562си изделип табылган.
Сымбат МАКСУТОВА


Leave a Reply