А11
Депутаттар Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда бүгүн, 11-февралда «Социалдык фонддун 2014-жылга карата бюжети жана 2015 — 2016-жылга алдын ала маалыматтар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап чыгышты.

«Эгер бюджеттин долбоору бекитилсе, санитардык-курорттук дарыланууга 28 миң пенсионер жиберилет», – деп билдирди Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасы Асылбек Токтогулов.