Салайдин Авазов шаардык мэриянын жана муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин кызматкерлери менен жыйын өткөрдү
Бүгүн, 29-январда Жалал-Абад шаардык мэриясынын кичи залында мэр Салайдин Авазов шаардык мэриянын жана муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин кызматкерлери менен жыйын өткөрдү. Анда Жалал-Абад шаарынын тазалыгын, көрктөндүрүү маселесин, жалпы эле шаардын жазгы көрүнүшүн жакшыртуу тууралуу түшүндүрүүлөр болду. Ошону менен бирге шаардык мэриянын имаратынын оңдөп-түзөө иштерин аягына чыгарып, имараттын айланасына тактама (брусчатка) төшөлүп, унаалар имараттын айланасына коюлбай турганын айтып өттү. Ал эми мэрия кызматкерлеринин унаалары үчүн атайын унаа токтотуучу жай даярдаларын белгилеп, шаардагы мекеме ишканалар мэриядан үлгү алыша тургандай болуш керек деди ал.
Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу


Leave a Reply