Сүлүктү шаарындагы милициялардын эл менен жолугушуусу боюнча 2014-жылдын 3-ноябрь күнү Сүлүктү шаарынын мэриясынын имаратынын жыйындар залында Сүлүктү ШИИБнүн начальниги милициянын полковниги Аскарбек Аширалиев, Баткен ОИИБнын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Каныбек Кудайбердиев жана шаардын мэри Абдизакир Ибрагимовтор Сүлүктү шаарынын жашоочулары менен аймактык тескөөчүнүн жыл башынан бери аткарган иштеринин отчетун угушту. Көп улуттуу бул шаарда калктын саны акырындап көбөйүп жаткандыгына карабастан милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери алгылыктуу жүрүп жаткандыктан улуттар аралык чыр-чатактарга, жер талашуу, суу талашуу фактыларыга жол берилбегендиктен шаардын тургундары бүгүнкү күндө ынтымакта жашап жатышат. Ошентсе да аймактык тескөөчүгө, ШИИБнүн начальнигине ар тараптуу суроолор берилип, бул жолугушуу эки саатка созулду. Чогулган эл милиция кызматкерлеринин 90 жылдык майрамы менен куттуктап, аларга ыраазычылыктарын билдирип, Сүлүктү ШИИБне кошумча штаттык бирдиктерди суранышты.Сүлүктү шаарында 9 мектеп, 1 жогорку, 1 атайын орто, 1 педколледж болуп жалпысынан тогуз минге жакын жашы жете элек өспүрүмдөр билим алышат, аларды болгону 1 жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору тейлейт деп билдирүү берген Дамира Юсупова, Баткен ОИИБдан.