Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктоосу
Урматтуу кыргызстандыктар!
Бардыгыңыздарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктайм!
Кыргыз эли нечен кылымдардын катаал сыноолорунан өтүп, бизге эң башкы байлыгыбыз мамлекеттүүлүктү мурас кылып калтырган. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы олуттуу сыноолор эркиндиктин жана көз карандысыздыктын чыныгы баасын ачык көрсөттү. Бирок көптөгөн кыйынчылыктар бизди чыйралтты, намысыбызды бүлөп, ынтымагыбызды арттырды. Эгемендүү жаш мамлекетибиз өнүгүү жолуна түштү.
Үстүбүздөгү жыл Кыргызстанда улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыяланды. Биз мамлекетти чыңдоого жана өнүктүрүүгө айрыкча көңүл бөлө баштадык. Биз кыргызстандык ар бир жаран мамлекеттик тууну көргөндө өзүн ынтымактуу чоң үй-бүлөнүн мүчөсү катары сыймыкка бөлөнүп, өлкөнүн тагдыры жана анын келечеги үчүн жоопкерчиликти сезүүгө жетишишибиз керек.
Биздин максатыбыз – эгемендүү Кыргызстандын туусу көккө желбиреген эркин жана гүлдөгөн мамлекет куруу. Максатыбыз – мамлекет үчүн өз өмүрүн аябаган ата-бабаларыбыздын көксөгөн кыялын жана үмүтүн актоо.
Ушул жаркын майрамда бардык мекендештерге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм. Кыргызстаныбыз тынчтыкта, биримдикте гүлдөп өнүгө берсин! Өлкөбүздүн ачык асманы алдында ар дайым Кыргызстандын Мамлекеттик туусу бийик желбирей берсин!
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ
Комментарий кошуу