Премьер-министр Ж.Оторбаев менен КРУБ төрагасы Т.Абдыгулов өлкөнүн финансы рыногунун учурдагы абалын талкуулашты
Өкмөт башчы белгилегендей, коңшу өлкөлөрдүн валюталык рыногундагы абалга байланыштуу Кыргызстандын финансы рыногундагы учурдагы абалды талкуулоо зарыл. «Биз орун алуусу мүмкүн болгон чакырыктарды жана тобокелдиктерди талдап чыгуубуз керек. Ошондой эле аталган багыттагы мамлекеттик саясатты туура жүргүзүүгө көмөк көрсөтчү биргелешкен чараларды кабыл алуу зарыл», — деди Ж.Оторбаев.
Өз кезегинде Т.Абдыгулов КР Улуттук банкы тарабынан инфляцияны кыскартуу, валюталык жөнгө салуу жана коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтты.
Улуттук банктын жетекчиси маалымдагандай, рубль курсунун алсызданышына байланыштуу Россиядан Кыргызстанга жөнөтүлгөн акчалай которуулардын төмөндөшү ыктымал.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча премьер-министр КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна дан жана күйүүчү-майлоочу майлардын запасын даярдоону тапшырды. Ошондой эле өкмөт башчысы КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик антимонополдук жөнгө салуу агенттигине өлкө рыногундагы бааларды үзгүлтүксүз көзөмөлгө алууну жүргүзүү тапшырмасын берди.

Leave a Reply