жер титирөө

  Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын  ала маалыматы боюнча 2015-жылдын 21-январы күнү саат 19:29 чамасында республикабыздын аймагында  эпицентрде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

 Жер титирөөнүн очогу:  Өзбекстан Республикасынын аймагында жайгашып, Ак-Таш айылынан 8 км түндүктү, Кара-Суу айылынан  10 км түндүк-батышты, Ош шаарынан 25 км түндүк-чыгышты карай жайгашкан.

 Жер титирөөнүн координаттары:  түндүк тууралыгы 40° 44, чыгыш кеңдиги 72° 48´.

Жер титирөө:  Ак-Таш, Кара-Суу, Кызыл-Шарк  айылдарында – 3 баллга жакын, Большевик, Кировка айылдарында  – 2,5 баллга, Ош шаарында 2 баллга  сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.